Энергетикалык объектилерди 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдоо максатында жүргүзүлчү оңдоп-түзөө жана техникалык иштерге байланыштуу 22-июлда саат 08:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарынын бир катар кичи райондорунда жана калаага караштуу бир нече айылда электр энергиясы убактылуу өчүрүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Ош шаарынын аймагында: Анар, Фрунзе кичи райондорунда, Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын 225-кварталында, Кызыл-Кыштак муниципалдык аймактык башкармалыгында, Алымбек датка айылдык аймактык башкармалыгында, Керме-Тоо, Кызыл-Байрак, Ишкаван, Коммунист, Шамшад, Мукумий, Сүрөт-Таш, Тээке айылдарында аталган убакытта жарык жок болот.
Мындан сырткары шаардын ичиндеги Б. Осмонов, Р. Абдыкадыров, Р. Моминова, Карабаев, Курманжан Датка, М. Алымбеков, Садовая, Жамбыл, Крылов, Тайгараев, Бакыт, Абылгазиев, А. Масалиев, Бобулов, Өзгөн, Раззаков, Салиева, Касымбеков, Нариман, Айткулов, Жим, Тойчуев, Маматкаимов, Абдыкадыров, Даминов, Ыманкулов, Дозонов, Муратов, Жийделик жана Бадалов көчөлөрүндө да электр энергиясын берүү токтойт.
Шаар ичиндеги “Жибек жолу” жана “Келечек” базарында да жарык болбойт.
Кара-Суу районуна караштуу Датка айыл аймагынын шаарга танапташ турган Садыков, Шарипов, Холматов, Кош-Таш, Парпиев, Умаров, Хайтбаев жана Нишанов көчөлөрүндө да электр берүү убактылуу токтотулат.
Ош шаардык мэриясы тургундарды электр энергиясынын убактылуу өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылып, алдын ала тиешелүү чараларды көрүп коюуңуздарды суранып, ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.
17-июлда саат 14:00дөн кийин Бишкек шаарынын бир катар жерлеринде электр энергиясы жапырт өчкөн. Авариялык өчүүгө байланыштуу скважиналардын иши токтоп, айрым райондордо суу чыкпай калган.
Ошондон тартып Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында ашыкча керектөөдөн улам жабдыктар иштен чыкпашы үчүн электр энергиясы күнүнө эки сааттан өчүрүлөрү кабарланган. Керектөөчүлөр маал-маалы менен өчүрүүнүн убактысы кээ күндөрү үч-төрт саатка созулуп кетип жатканын кабарлашууда.
Социалдык тармактардын колдонуучулары жарык Кыргызстандын башка аймактарында да маал-маалы менен өчүрүлүп жатканын билдиришүүдө.
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков 21-июлда энергетика тармагындагы соңку кырдаал боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, абанын табы кескин жогорулап, керектөө кескин өсүп жаткандан улам жарык өчүрүлүп жатканын билдирген.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт/саат электр жарыгын колдонот деп эсептелген. Анын ичинен 15,7 млрд кВт/саатты Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы менен жабат деп күтүлүүдө. Калган 4 млрд кВт/саат көлөм башка өлкөлөрдөн сатып алынат. (ErN)
Шерине