Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:13

Энергетика министри Бишкек жана Чүйдө жарыктын өчүрүлүшүн керектөө кескин өскөнү менен түшүндүрдү

Алтынбек Рысбеков
Алтынбек Рысбеков

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков 21-июлда Кыргызстандын энергетика тармагындагы соңку кырдаал боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Рысбеков соңку күндөрү электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүп жатканына түшүндүрмө берип, абанын табы кескин жогорулап, керектөө кескин өсүп жаткандан улам жарык өчүрүлүп жатканын билдирди.

“Бул чаралар аба ырайы кескин ысып, керектөө өтө көп болуп жатканы үчүн аткарылууда. Бир суткалык керектөө 16-июлда 48 млн, 17-июлда 47 млн 600 миң, 18-июлда 50 млн 76 миң, 19-июлда 50 млн 122 миң, 20-июлда 50 млн 749 миң кВт/саат болду. Былтыр бул күндөрү болгону 40-42 млн кВт/саат гана керектөө болгон. Бул биринчи себеп. Экинчиден, абанын температурасы 45 градуска чыкканда электр чубалгыларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 25%га чейин азайып кетет, башкача айтканда, күн катуу ысыганда зымдардан электр энергиясы 75% гана өтүп калат. Ошол учурда аба чубалгыларды эрип кетүүдөн, кабелдердин күйүп кетүүсүнөн, көмөк чордондорду жана башка жабдууларды аварияга кабылуусунан сактап калуу үчүн профилактикалык жөнгө салуучу чараларды өткөрүүгө туура келет. Мунун негизги максаты коопсуздук. Антпесек, алар жарактан чыгып калмак. Чаралар көбүнчө Бишкек шаарында жана Чүй облусунун борборго жакын райондорунда болуп жатат”, – деди министр.

Мунун алдында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” компаниясына караштуу Бишкек электр тармактар ишканасы маалымат таратып, 19-июль күнү суткалык керектөө жаңы тарыхый максималдуу чекке жетип, 50 млн 122 миң кВт/саатты түзгөнүн билдирген. Былтыркы жылы бул күнкү көрсөткүч 42 млн 514 миң кВт/саат болгон, бул суткалык электр энергиясын керектөө 7 млн 608 миң кВт/саатка же 18% өстү дегенди түшүндүрөт.

17-июлда саат 14:00дөн кийин Бишкек шаарынын бир катар жерлеринде электр энергиясы жапырт өчкөн. Авариялык өчүүгө байланыштуу скважиналардын иши токтоп, айрым райондордо суу чыкпай калган.

Ошондон тартып Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында ашыкча керектөөдөн улам жабдыктар иштен чыкпашы үчүн электр энергиясы күнүнө эки сааттан өчүрүлөрү кабарланган. Керектөөчүлөр маал-маалы менен өчүрүүнүн убактысы кээ күндөрү үч-төрт саатка созулуп кетип жатканын кабарлашууда.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот деп эсептелген. Анын ичинен 15,7 млрд кВт саатты Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы менен жабат деп күтүлүүдө. Калган 4 млрд кВт саатты коңшу өлкөлөрдөн сатып алат.

Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилинде Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. (ErN)


Шерине

XS
SM
MD
LG