Энергетика министрлиги 22-июлда билдирүү таратып, күн салкындаганы 21-июлда электр энергиясын суткалык керектөө кескин төмөндөп, болгону 48,4 млн кВт/саатты түзгөнүн билдирди.
“22-июлга карата Кыргызстандын энергетика тутуму штаттык режимде иштеп жатат. Электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок. Алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында электр тармактарынын объектилеринде пландуу оңдоо иштери улантылууда. [...] Энергетиктер керектөөчүлөрдү, айрыкча эң жогорку жүктөм болгон сааттарда электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат. Бул энергетика тутумунун ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыздоого өбөлгө түзөт”, – деп билдирет мекеме.
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков 21-июлда энергетика тармагындагы соңку кырдаал боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, абанын табы кескин жогорулап, керектөө кескин өсүп жаткандан улам жарык өчүрүлүп жатканын билдирген.
Министр бир суткалык керектөө 16-июлда 48 млн, 17-июлда 47 млн 600 миң, 18-июлда 50 млн 76 миң, 19-июлда 50 млн 122 миң, 20-июлда 50 млн 749 миң кВт/саат болгонун тактап, бул тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч экенин айткан. Рысбеков тактагандай, былтыр бул күндөрү болгону 40-42 млн кВт/саат гана керектөө болгон.
17-июлда саат 14:00дөн кийин Бишкек шаарынын бир катар жерлеринде электр энергиясы жапырт өчкөн. Авариялык өчүүгө байланыштуу скважиналардын иши токтоп, айрым райондордо суу чыкпай калган. Ошондон тартып Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында ашыкча керектөөдөн улам жабдыктар иштен чыкпашы үчүн электр энергиясы күнүнө эки сааттан өчүрүлөрү кабарланган. Керектөөчүлөр маал-маалы менен өчүрүүнүн убактысы кээ күндөрү үч-төрт саатка созулуп кетип жатканын кабарлашууда.
Социалдык тармактардын колдонуучулары жарык Кыргызстандын башка аймактарында да маал-маалы менен өчүрүлүп жатканын билдиришүүдө.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт/саат электр жарыгын колдонот деп эсептелген. Анын ичинен 15,7 млрд кВт/саатты Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы менен жабат деп күтүлүүдө. Калган 4 млрд кВт/саат көлөм башка өлкөлөрдөн сатып алынат. (ErN)
Шерине