Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Жоюлуп кеткен Санарип министрлигинин башчысы кызматтан бошотулду

Азамат Жамангулов
Азамат Жамангулов

Президент Садыр Жапаров санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангуловду кызматынан бошотуу боюнча жарлыкка кол койду.

Маалыматта айтылгандай, ал иштен кетүү боюнча өз каалоосу менен арыз жазган. Жамангулов бул кызматка былтыр январда келген болчу.

Садыр Жапаров быйыл 30-апрелде Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигин толук жоюу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Мекеменин айрым функциялары тиешелүү министрликтерге өткөрүлүп, негизги бөлүгү Президенттин иш башкармасына кошулган.

Мамлекет башчы 7-майда “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин жаңы корпусунун ачылышында сүйлөп жатып, “беш жыл мурда түзүлгөн Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдына коюлган милдеттерин аткара албай келаткандыгынан улам, анын айрым мекемелерин Иш башкармалыгына берилгенин” билдирген. Кийин ал жакта “иш кыска аралыкта жылгандыктан министрликти биротоло жоюлуп, анын айрым функцияларын Иш башкармалыкка өткөрүлгөнүн тактаган.

Акыркы беш жылда Президенттин иш башкармалыгына мындан башка да ондогон мамлекеттик мекемелер менен кызматтар өткөн. “Азаттык” бул боюнча атайын программа даярдап, Жыйынтыктап айтканда, Президенттин иш башкармалыгы 4 резиденцияны, 5 мекемени, 3 кызмат-сервисти, 2 дирекцияны, 7 компанияны, 7 ишкананы, 2 бала бакчаны, 7 эс алуу жайын түздөн-түз башкарып жатканын көрсөткөн.

Садыр Жапаров өзүнүн Ысык-Көлдөгү сөзүндө Иш башкармалыгы Министрлер кабинетине параллель түзүм болуп калды деген айыптоолорго жооп берип, ага кошумча ыйгарым укуктардын берилишин муктаждык деп түшүндүргөн. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG