Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:35

Берлин: ЛГБТ парадындагы кол салууда бир киши өлүп, ондон ашууну жаракат алды

Шектүүнүн машинесин полиция кызматкерлери курчап турат. 25-июль, 2026-жыл. Берлин, Германия
Шектүүнүн машинесин полиция кызматкерлери курчап турат. 25-июль, 2026-жыл. Берлин, Германия

Берлинде 25-июлдун кечинде ак фургон Christopher Street Day деп аталган ЛГБТ парадынын катышуучуларын сүзүп, бир киши каза тапты, 16сы жараат алды. Анын үчөөнүн абалы оор.

Тергөөнүн маалыматына караганда, окуя кечки саат 22:00дө жүрүш аяктагандан кийин Тиргартен паркынын аймагында болгон. Фургон Ахорнштайг көчөсүндө адамдарды тебелеп, даракты сүзүп барып токтогон.

Немис маалымат каражаттары фургондун айдоочусу машинесинен чыгып, бычак менен өтүп бараткандарга кол салганын жазышты. Полиция мындай маалыматты текшерүүдө.

Полиция окуяны теракт деп атады. Шектүү катары Германиянын теги ливандык 21 жаштагы жаранына издөө жарыяланды.

Bild басылмасы жазгандай, шектүү буга чейин эле укук коргоо органдарынын каттоосунда турган. Берлиндеги исламчыл чөйрө менен байланышы бар экени, быйыл майда жашы жете электердин түзөтүү колониясынан чыкканы тууралуу маалымат тарады. Азыр анын жардамчысы болгонбу, жокпу, иликтенип жатат.

Christopher Street Day парады Берлинде быйыл 48-жолу өтүп жатат.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG