Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

Иорданиядагы базага сокку урулгандан кийин АКШ Иранга каршы катуу жооп кайтарыларын эскертти

CENTCOM Иранга каршы деңиз блокадасын бекемдөөгө багытталган операция деп чыгарган сүрөт.  25-июль 2026-жыл
CENTCOM Иранга каршы деңиз блокадасын бекемдөөгө багытталган операция деп чыгарган сүрөт. 25-июль 2026-жыл

АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Иранга “катуу” жооп кайтарышарын эскертти. Анын алдында АКШнын Иорданиядагы базалары ракета соккуларына кабылган.

“Биз аларга катуу сокку урабыз. Алар таяк жейт, желин чыгарабыз”, - деген сөздөрүн келтирет Fox News телеканалынын кабарчысы 29-июлдагы кыска маектен кийин.

Шаршембиде IRNA мамлекеттик кабар агенттиги Иран америкалыктардын Жакынкы Чыгыштагы буталарына чабуулдарын жандантканын, Муваффак Салти авиабазасына жана АКШ Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын (CENTCOM) Иорданиядагы баш кеңсесине бир нече ракета атканын билдирген.

Иорданиялык аскерлер чабуул маалында беш ракета атып түшүрүлгөнүн маалымдап, жоготулар же кыйроолор тууралуу айтылган жок.

Шейшембинин кечинде АКШ жана Сауд Арабия Ирактын чыгышындагы Иран колдогон топтордун жайларына сокку урган. CENTCOM аны саудиялык энергетика инфраструктурасына жана америкалык аскерлерди аткылоого жооп чара деп сыпаттаган.

Командачылык ошондой эле Ирактагы соккулар Тегеранга таянган топтордун логистикалык жана курал-жарак сакталган объектилерге урулганын белгиледи. Маалыматка караганда, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун бөлүктөрү 72 саатта 30 дрон аткан. Билдирүүдө америкалык күчтөргө чабуул ийгиликсиз болгону айтылат.

Соңку атышуу кыска тыныгуудан кийин тараптар согуштук аракеттерди жандандырат деген чочулоого жем таштады.


Шерине

XS
SM
MD
LG