Байкоочулар болсо Бээжин бул мыйзам аркылуу бийликти сындаган жана чет элде жүргөн жарандарга да кысымын күчөтүшү ыктымал деп эсептешет.
Кайрылмандарды бушайманга салган мыйзам "Этностук биримдик жана прогресске көмөктөшүү жөнүндө" деп аталат. Документ быйыл 1-июлда күчүнө кирди. Бириккен Улуттар Уюму менен Европа Биримдиги бул мыйзам Кытайдагы улуттук азчылыктарга басым-кысым көрсөтүүгө жол ачат деп сынга алган. Ал аркылуу Бээжин башка улуттун өкүлдөрүн хандардын улуттук маданиятын кабыл алууга, кытай тилинде сүйлөөнү талап кылат.
Июлдун башында Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Го Цзякун "Этностук биримдик" мыйзамы 56 этностук топтун жалпы мамлекеттик ынтымагын бекемдөөгө, маданий жана тилдик интеграцияны күчөтүүгө багытталганын жарыялаган.
Бирок Бээжин бул документке жамынып, Кытайдын өзүндө эле эмес, чет жактардагы бийликти сындаган жарандарды куугунтуктап, саясий жана экономикалык таасирин пайдалануу менен башка мамлекеттерге кысым аркылуу сынчылардын үнүн өчүрүүгө умтулат деген сын-пикир, чочулоолор айтылууда.
Кытайда туулуп, азыр Казакстанда жашап жаткан укук коргоочу (коопсуздук үчүн аты-жөнүн жарыялабоону өтүндү) жаңы мыйзам "чет элде жүргөн улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө кысымды күчөтүүгө шарт түзөт" деген көз карашы менен бөлүштү.
Эл аралык укук коргоо уюмдары Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда кыргыз, уйгур, казактар баштаган мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканын буга чейин жарыялашкан. Кытай бийлигинин мындай аракети эл аралык коомчулукка 2017-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. АКШнын мамлекеттик департаментинин эсебинде, ошол мезгилден тартып кармалып, лагерлерге камалгандардын саны миллионго жеткен.
Бээжин ал кезде "терроризмге каршы күрөш" деген негизде мусулмандарга кысымды күчөткөн. Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келди.
2020-2021-жылдарда АКШнын өкмөтү, Британия, Нидерланд, Канаданын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.
Улуттар Уюму 2026-жылдын апрелинде Кытайдагы жаңы мыйзам тууралуу атайын баяндама жарыялап, документ Кытайдагы аз улуттардын укуктарын тебелөөгө шарт түзөрүн, өлкөдө аларга кайдыгер мамиле калыптанышы мүмкүн экенин билдирген.
Бээжин БУУ менен Европа Биримдигинин сынын четке кагып, муну жалаа жана Кытайдын ички ишине кийлигишүү аракети катары сыпаттаган.
"Бул мыйзам күчүнө кире электе эле Кытайдагы туугандарым мени менен байланышуудан коркчу, анткени жергиликтүү бийлик аларга кысым көрсөтөт. Атайын кызматтын өкүлдөрү аларды бир нече жолу чакырып, суракка алган", - деди Казакстанда жашаган теги шинжаңдык укук коргоочу. Коопсуздуктан улам анын ысымын айта албай турганыбызды дагы бир жолу эскертебиз.
"Кытайда адам укуктарынын бузулушун ааламга жеткирүү мүмкүнчүлүгү кыйла чектелип, фактылар айтылбай калышы мүмкүн", - деп кошумчалады ал.
Шинжаңдагы "тарбиялоо" лагерин көргөн, азыр Казакстанда жашап жаткан Нурлан Көктеубай: "Кытайдын негизги максаты - мусулмандардын улуттук өзгөчөлүгүн, динин жана тилин жок кылып, аларды кытайлаштыруу", - деген пикири менен бөлүштү.
Ал Казакстанда жашаганына карабастан, Кытай бийлигинин укуругу өзүнө да жетиши мүмкүн деп кооптонуп отурат. Ал эми Шинжаңда калган жакындары менен байланыш үзүлгөн.
Кытайдын Казакстандагы таасири
Укук коргоо уюмдары акыркы убакта Кытайдын Казакстанда саясий, экономикалык таасири артып, мындан улам Бээжинге трансулуттук репрессияны ишке ашырууга жол ачылды деп эсептешет.
Ал эми Орусиянын таасир чеңгээлинен чыгып, ар тараптуу экономикалык кызматташтыкка ыктаган Астана үчүн Бээжин менен карым-катнаштын болгону маанилүү.
Кытайдын расмий маалыматына ылайык, 2025-жылдын августунда эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2024-жылдын август айына салыштырмалуу 5,7 пайызга өсүп, жылдык көрсөткүч 30 миллиард доллардан ашкан.
Ушул эле учурда Казакстанда каттоодон өтпөгөн "Нагыз Атажурт" уюмунун 19 активисти соттолгон. Шинжаңда камакта жаткан туугандарын бошотууну, алардын укуктарын коргоону талап кылып, казак бийлигинен жардам сурап жүргөн адамдар 2025-жылдын ноябрь айында Алматы облусундагы казак-кытай чек арасына жакын жайгашкан Калжат айылында Кытайдын желегин жана Си Цзинпиндин сүрөтүн өрттөгөнү үчүн "улуттар аралык кастыкты козуткан" деп айыпталган.
Эл аралык Human Rights Watch жана Amnesty International бул ишти сынга алып, Казакстандын бийлигин активисттерге куугунтукту токтотууга чакырган.
Кытайдын Алматыдагы консулдугу Казакстандын Тышкы иштер министрлигине жөнөткөн каты кылмыш ишинин козголушуна түрткү болгону белгилүү болгон. "Азаттык" радиосунун кабарчыларынын колуна тийген катта консулдук аталган уюмдун аракеттерин "Кытайдын улуттук аброюна каршы ачык чагым" деп баалап, Казакстандан тиешелүү чараларды көрүүнү, кылдат иликтөө жүргүзүүнү жана тескери кесепеттерди мүмкүн болушунча азайтууну суранган.
"Кытайда калган туугандарым жана жакындарымдын тагдырын ойлоп, абдан корком. Казакстанда жашап жаткан бизге да коркунуч көп, анткени Кытай бийлигинин таасири чоң", - дейт Казакстанда соттолгон активист Турсунбек Кабиулунун жубайы Оралхан Абен.
Турсунбек Кабиулу 2025-жылы ноябрында Калжаттагы нааразылык акциясына катышканы үчүн беш жылга эркинен ажыратылган, ага жарандык активисттик менен алектенүүгө үч жылга тыюу салынган.
Астана менен Бээжиндин алакасы бекемделген сайын, чек арадан тышкаркы кысымдар да күчөбөйбү деген кооптонуу чоң.
18-май күнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия өлкөлөрүн укук коргоо жана коопсуздук тармагында Кытай менен кызматташууну күчөтүүгө үндөгөн. Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын ички иштер министрлеринин жолугушуусунда Токаев "экстремисттик идеялардын жайылышына бөгөт коюу", "террордук топтордун элди интернет аркылуу азгыруусунун алдын алуу" багытында кызматташтыкты тереңдетүү зарылдыгын белгилеген.
Кытайдын "Этностук биримдикке жана прогресске көмөктөшүү жөнүндө" мыйзамынын кесепеттерин Казакстандагы гана эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү диаспоралар да сезе баштаганы айтылууда.
Мүнхенде жайгашкан Дүйнөлүк уйгур конгрессинин вице-президенти Зумретай Аркин "жаңы мыйзам Кытайдын эл аралык чөйрөдөгү таасири күчөп жатканынынын белгиси" экенин айтты.
Аркин Кытай кысымды мындан ары дагы күчөтүшү мүмкүн деп тынчсызданууда.
"Акыркы он жыл ичинде эл аралык коомчулук уйгурларды жетиштүү деңгээлде коргой албаганын Кытай көрдү. Бул биз үчүн абдан кооптуу көрүнүш", - деп белгиледи ал.