Тажикстан өкмөтү Кытайдан мунай продукциясын импорттоо мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул маселени 29-июлда башкалаа Дүйшөмбүдө өткөн жолугушууда өлкөнүн энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума менен Кытайдын Тажикстандагы элчиси Го Чжицзюнь талкуулашты.
Тажикстанда күйүүчү май сатып алуунун жаңы багыттарын издөө маселеси соңку айларда Орусиядагы мунай ишканаларына жасалган дрон чабуулдарынан кийин курчуду.
Өлкөдө мунай баасынын өсүшү мүмкүн деген кооптонуу күчөгөндөн кийин бийлик альтернативдүү камсыздоо жолдорун талкуулай баштаган.
Расмий маалымат боюнча, Тажикстан күйүүчү майдын 90% ашыгын Орусиядан импорттойт.
Өлкөдө дизелдин баасы акыркы эки айда литрине 11 сомониден 17 сомониге чейин жогорулады.
Орусиянын мунайынан көз каранды болгон Кыргызстан да акыркы жумаларда жаңы багыттарды издей баштады. 22-июлда өлкөгө Кытайдан күйүүчү майдын алгачкы партиясы келди. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Беларус менен да импорт боюнча келишим түзүлгөнүн, ошондой эле Өзбекстан жана Казакстан Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүү өтүнүчүнө оң жооп бергенин билдирген.
Шерине