Жапониянын түштүгүндөгү Кумамото префектурасында болгон жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 25ке жетти. Кырсык болгон аймакта аптап күчөп турган маалда миңдеген тургун таза суусуз жана электр жарыгысыз калууда.
29-июлдагы күчү 7,1 баллга жеткен зилзаладан улам Яцусиро шаарындагы жүздөгөн үйлөр кыйрап, жолдор жарактан чыккан. Учурда калаадагы 58 миңге жакын үйдүн көбүндө суу жана электр энергиясы жок.
Жергиликтүү бийлик суу түтүктөрүн калыбына келтирүү канча убакытка созулары азырынча белгисиз экенин билдирди.
Жапониянын өз алдынча коргоо күчтөрү эвакуациялык жайларга 300гө жакын кондиционер орнотуп, шаар тургундарына суу таратууда.
Ар бир адамга беш литрден гана суу берилүүдө. Дүкөндөрдө азык-түлүк үчүн узун кезектер пайда болуп, май куюучу жайларда унаалар топтолгон.
Каза болгондордун көбүнүн сөөгү кагаз чыгаруучу заводдун жана соода борборунун урандыларынын алдынан табылган.
Кырсык аймактагы ири өндүрүш ишканаларынын ишине да таасир этти.
Toyota, Honda, Nissan, Sony жана башка компаниялардын айрым заводдорунда иш токтоду.
Жапон бийлиги азыр негизги күч куткаруу иштерине, суу жана электр тармактарын калыбына келтирүүгө жумшалып жатканын билдирди.
Шерине