Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

Сот көп аялдуулук иши боюнча экс-губернатор Мирбек Мияровду актады

Мирбек Мияров.
Мирбек Мияров.

Бишкектин Октябрь райондук соту президенттин Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Мирбек Мияровду Кылмыш-жаза кодексинин “Эки жана андан көп аял алуу” беренеси менен коюлган айып боюнча актады. Судья мындай чечимди 29-июлда чыгарып, анын иш-аракетинде кылмыштын курамы жок деп тапты.

Мирбек Мияровго 2025-жылдын 1-декабрында Октябрь райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси - “Эки жана андан көп аял алуу” менен кылмыш ишин козгогон. Буга мурда аны менен жарандык никеде турган Хабиби Уланова аттуу келиндин арызы себеп болгон.

Келин “Настоящее время” телеканалына курган маегинде Мирбек Мияров менен үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп, нике кыйганын, баласы оорулуу экенин билгенден кийин күйөөсү андан баш тартып, каралашпай кеткенин айтып берген.

Экс-губернатор өзү бул боюнча быйыл комментарий берип, Хабиби Уланованын айткандарын “жалган жалаа” деп атаган. Тескерисинче анын “алдамчылык торуна” илинип калганын, баласынан баш тартпай, каралашып келгенин, мыйзамдуу жубайы менен чогуу баланы асырап алуу үчүн сураганда, Хабиби Уланова бербей койгонун айткан.

42 жаштагы Мирбек Мияров 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. 2021-жылы “Ордо” партиясы менен парламенттик шайлоого ат салышкан.

Кыргызстанда “Үй-бүлө жөнүндө кодекс” бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзамга ылайык, эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган.

Өлкөдө буга чейин дагы экинчи аял болуп турмушка чыгып басымга кабылганына же күйөөсү үстүнөн аял алганына даттангандар болгон. Бирок алардын канчасынын арызы сотко жеткени белгисиз. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG