Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:40

Милиция Бишкекте көчөдө ток уруп каза болгон баланын окуясы боюнча иш козгоду

Бишкектеги милиция бөлүмдөрүнүн бири
Бишкектеги милиция бөлүмдөрүнүн бири

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы борбордо көчөдө ток уруп каза болгон 9 жаштагы Ибрахим Анарбековдун өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Тоо-кен, курулуш же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук милициянын басма сөз кызматы кабарлап, кылмыш иши 2-августта ачылганын билдирди. Маалыматка ылайык, ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатат жана анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат.

Окуя 26-июлда борбордун 6-кичи районунда болгон. Апасынын сөзүнө караганда, Ибрахим Анарбеков достору менен арыкта суу кечип ойноп жүргөндө ток тартып, эсин жоготкон. Кийин Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына жаткырылып, өзүнө келбей каза болду.

Бишкек шаардык мэриясы Айтиев көчөсүндөгү чыңалуу ал жердеги имараттардын бириндеги ички электр системасы бузулгандан улам чыгышы мүмкүн экенин билдирген. Мэрия окуя болгон жерден өткөн электр зымдары “Бишкек жарык” ишканасынын көзөмөлүндө эмес экенин кошумчалады. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG