Чоң-Алайдагы чокуга чыккан үч альпинист изделүүдө | Жаңылыктар | 10.08.2026
Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз адамдын иши Бишкек шаардык сотунда карала баштады. Райондук сот аларга үч жылдан пробациялык жаза берип, айыпталуучулар эркинде калган. Президенттин администрациясы “мамлекет башчы Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров жана анын уулу Азат Жапаров Бажыда коррупциялык иштерди уюштурган” деген сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу жакында эле чет жакта жүргөн ишкер Сыргак Кенжебаев айтып чыккан. Чоң-Алайда Корумду чокусуна чыгып дайынсыз болуп жаткан чет өлкөлүк үч альпинист изделүүдө. Алар 2-августтан бери байланышка чыга элек.
Чыгарылыштар
-
Август 12, 2026Асад сыртынан өлүм жазасына кесилди | Жаңылыктар | 12.08.2026
Шерине