Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:28

АКШ чабуулчу дрондордун жаңы ыкчам тобу түзүлүп жатканын жарыялады

АКШнын Борбордук командачылы Жакынкы Чыгышта жайгаштырган чабуулчу дрон эскадрильясынын бир бөлүгү. Иллюстрация сүрөт.
АКШнын Борбордук командачылы Жакынкы Чыгышта жайгаштырган чабуулчу дрон эскадрильясынын бир бөлүгү. Иллюстрация сүрөт.

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) өлкөнүн тарыхында алгачкы "көп тармактуу жана көп улуттуу сокку уруучу дрондордун ыкчам тобу" түзүлүп жатканын жарыялады. Мекеменин 13-августтагы маалыматында айтылгандай, жаңы түзүм Task Force Falcon Strike деп аталат.

Топтун курамында асманда, суу үстүндө жана суу алдында иштей алган пилотсуз системалар колдонулары, аларды АКШнын жана Жакынкы Чыгыштагы өнөктөш өлкөлөрдүн аскер кызматкерлери башкарары айтылды.

Борбордук командачылыктын башчысы Брэд Купер Вашингтон аймактагы өнөктөштөрү менен консультацияларды баштаганын билдирди. Анын айтымында, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип пайдалануу аймактагы коопсуздук потенциалын күчөтөт.

"АКШ армиясынын бул аймакта көптөгөн ишенимдүү өнөктөштөрү жана достору бар. Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү чогуу интеграциялап жана жайгаштырганда биз алда канча күчтүү болобуз", - деди Купер.

Жаңы топ тогуз ай мурда ачылган Scorpion Strike бөлүгүнүн негизинде түзүлөрү маалымдалды.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG