Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

Пентагон: Украинанын электр түйүндөрүн оңдоо бир жылга созулушу мүмкүн

Электр линиялары. Украина.
Электр линиялары. Украина.

Украинада согушта талкаланган электр көмөк чордондорун калыбына келтирүү үчүн кеминде алты ай керек. Жогорку кубаттуулуктагы ири электр станцияларын оңдоо бир жылга созулушу мүмкүн.

Бул тууралуу Пентагон, АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттиги (USAID) биргеликте даярдап, Конгресске жөнөткөн баяндамада айтылды.

Баяндама 2026-жылдын 1-апрелинен 30-июнуна чейинки мезгилди камтыйт. Авторлор калыбына келтирүү мөөнөттөрү энергетикалык инфраструктурага келтирилген зыяндар жана өнөктөштөрдүн Украинага жеткирип жаткан жабдууларынын көлөмүнө көз каранды экенин белгилешкен. Документте кайсы объекттер жөнүндө кеп болуп жатканы такталган эмес.

Баяндаманын авторлору Мамлекеттик департамент Украина үчүн жалпы баасы миллиард долларга жакын 12 энергетикалык программаны ишке ашырганын маалымдаган.

Мамлекеттик департаменттин болжол менен 3,5 миллиард долларлык программаларынын 65% ашыгы гуманитардык жардамга жана энергетиканы колдоого байланыштуу.

Орусия 2022-жылдын күзүнөн бери Украинанын энергетикалык инфраструктурасына тынымсыз сокку уруп келет. Москва украин аскерлеринин кызыкчылыгы үчүн колдонулган объекттерге чабуул жасап жатканын ырастоодо. Орусиялык армиянын соккуларынан электр станциялары жана көмөк чордондор бир канча жолу жабыркап, шаарларда электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлө баштаган.

14-августта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва АКШнын Мамлекеттик департаментине Украинага берилген чалгын маалыматтар жана Украинанын Орусиянын аймагына урган соккуларына Вашингтондун катышы тууралуу суроолорду жөнөткөнүн билдирди. Лавров Москва "жоопту күтөрүн" белгиледи.

Орус бийлиги Батыш өлкөлөрүнөн Украинага аскердик жардам берүүнү токтотууну талап кылып келет. АКШ жана Киевдин башка өнөктөштөрү Орусиянын басып кирүүсүнөн коргонуу үчүн Украинага колдоо көрсөтүп жатышканын билдиришүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG