Бодо малды, жылкыны жана кой-эчкилерди экспорттоого тыюу салууну дагы алты айга узартууну сунушталды.
Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана эттин баасын кармап туруу үчүн бул чараны зарыл деп эсептейт.
13-августта коомдук талкууга чыгарылган токтомдо чектөө азык-түлүк баасын турукташтыруу, өнүмдүн сапатын жогорулатуу жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында киргизилип жатканы көрсөтүлгөн.
Тыюу салуу Кыргызстандын аймагы аркылуу ташылган малга, мелдештерге катыша турган же белекке бериле турган жылкыларга, асыл тукум койлорго, "Кыргыз Агрохолдинг" мамлекеттик оператору экспорттогон башка өлкөнүн төрт түлүгүнө жана эшектерге иштебейт.
Министрлер кабинети быйыл 9-мартта малды тышка сатууга тыюу салган. Токтомдун мөөнөтү 8-сентябрда аяктамак.
Коомдук талкууга чыккан жаңы документте 2025-жылы Кыргызстанда 261,9 миң тонна эт өндүрүлгөнү, калктын керектөөсү 314,5 миң тоннага жакын экени көрсөтүлгөн. Ички рынокту эт менен камсыз кылуу болжол менен 85,7% түзөт.
Өкмөттүн маалыматында 2025-жылы өлкөдө 18 57,7 бодо мал, 63 18,7 кой-эчки, 566,2 жылкы катталган. (ST)
Шерине