Орусия Кыргызстандын мектептерине 1, 2 жана 5-класстардын окуучулары үчүн "Орус тили жана окуу" предмети боюнча 670 миңден ашык адаптацияланган окуу куралдарын өткөрүп берди.
Гуманитардык илимдерди колдоо боюнча "Моя история" фондунун басма сөз кызматы жүктүн курамына Кыргызстандын билим берүү программаларын эске алуу менен иштелип чыккан окуу адабияттары киргенин билдирди.
Орусиялык медиалардын жазышынча, "Моя история" окуу китептери Кыргызстандын мектептерине экинчи жыл катары менен жеткирилип жатканын, быйыл алардын саны көбөйтүлгөнүн белгилеген.
Окуу китептери биргелешкен автордук жаамат тарабынан даярдалып, жергиликтүү билим берүү программаларына ыңгайлаштырылган. Маалыматта мындай долбоорлор "орус тилин сапаттуу үйрөнүүгө шарт түзүүгө жана өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы, гуманитардык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрү" жазылган.
Август айынын башында жергиликтүү медиалар Агартуу министрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелис Музулмановго шилтеме берип, 1-5-класстарда 12 жылдык окутууга өтүүгө байланыштуу кыскарган сааттар мурдагы калыбына келгенин жазышкан.
"Моя история" фондунун маалыматында, акыркы үч жылда Кыргызстанда Орусиянын билим берүү аянтчаларынын саны үч эсе көбөйгөн. 2024-жылы алардын саны үчөө болсо, 2025-жылы онго чейин көбөйгөн. Билим берүү программаларынын катышуучуларынын саны үч эсеге өскөн. Өлкөдө былтыртан тарта бул жаатта иш алып барган "Евразия" уюму иштей баштаган.
Айрым адистер мунун баарын Орусиянын өз таасирин арттыруу үчүн жасап жаткан "жумшак таасирдин" бир бөлүгү катары эсептешет.
Кыргызстанда орус тилдүү мектептерде "Чет жактагы орусиялык мугалим" долбоорунун алкагында 140 адис иштеп жатат. Мындан тышкары орус тилдүү тогуз мектеп куруу пландалып жатканы, алардын айрымдарында орус үлгүсүндөгү аттестаттар берилери айтылган.
Кыргызстанда орус тилинде сабак берген 274 мектеп бар. Бишкек шаарында 121 мектептин 16сында сабактар кыргыз тилинде, 20сында орус тилинде, 85инде аралаш тилде окутулат. (ST)
Шерине