ШКУнун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган күндөрү туристтик фирмаларга кайрылган шаар тургундары көбөйдү.
Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, турфирмалар мэриянын сунушунан кийин элге 10-15% жеңилдик менен Кыргызстандын аймагында саякат уюштуруп берүүгө макул болушкан.
"Буга чейин турфирмаларга 200дөй адам кайрылса, биздин сунуштан кийин 730дан ашыптыр. Бишкек шаарынын тургундары түшүнүү менен кабыл алып, ушул күндөрү эс алууну пландап жатыптыр. Учурда 180 жолдомону брондолуптур", - деди Жунушалиев.
Калаа башчы 25-августтан 10-сентябрга чейин көпчүлүк жолдор жабык болорун, бул күндөрү борбордогу 260 миңдей окуучуга, 200 миңге жакын студентке, 18 миңден ашуун мугалимге ыңгайсыздык жаралбашы үчүн окуу жылы 15-сентябрдан башталарын кошумчалады.
Июль айында президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов жайдын аягында жана күздүн башында борбордо өтчү саммитке байланыштуу баш калаада чектөөлөр болорун эскертип, бишкектиктерди шаардан чыга турууну суранган.
Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана өлкөнүн эгемендигинин 35 жылдыгы ушул жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өткөрүлөт. (ST)
Шерине