Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:06

Министрлик арашан койлорун Өзбекстанга экспорттоого байланыштуу түшүндүрмө берди

"Арашан" көргөзмөсү. 29-май, 2022-жыл. Чүй облусу
"Арашан" көргөзмөсү. 29-май, 2022-жыл. Чүй облусу

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Өзбекстанга экспорттолгон арашан породасындагы 169 баш койго байланыштуу түшүндүрмө берди.

Министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун белгилешинче, асыл тукум малды экспорттоодон мамлекеттик бюджетке 17 миңден 20 миң сомго чейинки тиешелүү төлөмдөр түшөт.

"Арашан породасындагы асыл тукум койлордун экспорту ички рыноктогу баага таасирин тийгизбейт. Анткени бул жогорку генетикалык баалуулукка ээ асыл тукум мал. Аларды өстүрүү, селекциялоо, экспортко даярдоо жана сыртка чыгаруу олуттуу чыгымдарды талап кылат", - деген министрдин орун басары.

Ага чейин Кыргызстанда товардык багыттагы койлорду экспорттоого убактылуу чектөө киргизилген. Бул чара ички рынокто эттин баасынын туруктуу кармоо максатында кабыл алынган.

Эт-май багытындагы арашан породасы гисар жана кыргыз коюн аргындаштыруудан алынган. Учурда өлкөдө 50 миңден ашуун арашан кою бар.

Соңку жылдары арашан койдун баасы өсүп, козусунун эң арзаны миң, кочкорлору жүз миң долларга бааланган учурлар катталган. Мындан улам "арашанды соодалоо каржы пирамидасындай схемага айланды" деп сындагандар жок эмес. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG