Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өкүлчүлүктүү органдар, өкмөттүк эмес коммерциялык эмес уюмдар жана жаштар маселелери боюнча кеңешчиси Русланбек Давлетовду кызматтан алды.
Бул тууралуу өзбек президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.
Расмий билдирүүдө "башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу" деген сүйлөм кездешпейт. 46 жаштагы Давлетов жаңы кызматка дайындалабы же жокпу азырынча белгисиз.
Русланбек Давлетовдун ордун Республикалык руханият жана агартуу борборунун алдындагы Социалдык-рухий изилдөөлөр институтунун директору Олим Давлатов ээледи.
Давлетов Өзбекстанда бир катар негизги мамлекеттик кызматтарды аркалаган. 2024-жылдын декабрь айынан тартып президенттин социалдык-саясий, диний-агартуу жана жаштар маселелери боюнча кеңешчиси болгон.
Президенттин администрациясына өткөнгө чейин Мамлекеттик атаандаштык комитетинде жана Министрлер кабинетинин аппаратында эмгектенген.
2016-жылы юстиция министринин биринчи орун басары болуп, 2017-жылдын августунан 2022-жылдын ноябрына чейин министрликти жетектеген.
Юстиция министри болуп турганда Давлетов оппозициялык "Эрк" партиясынын ишмердүүлүгүн жандандырууга укуктук негиздер жоктугун билдирип, бул көз карандысыз байкоочулардын нааразычылыгын жараткан.
Давлетов адам укуктарын коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү тармагында мамлекеттин жетишсиз аракети, өлкөдө катаал административдик жана укуктук чектөөлөрдү сактап калганы үчүн укук коргоочулардын сынына дагы кабылган.
Юстиция министри кызматында Давлетов санариптештирүүнү, бюрократияны кыскартууну жана мамлекеттик органдардын ачыктыгын жактаган. Укук коргоочулар буга жооп ирети куру сөздөр менен аялуу топторду коргоодо чоң айырма барын белгилешкен.
Шерине