Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:17

"Олд Бишкек" комплексинин курулушунда иштегендер маяна берилбей жатканын айтып чыкты

Бишкек. "Ол Бишкектин" курулушу
Бишкек. "Ол Бишкектин" курулушу

“Олд Бишкек” соода комплексинин курулушунда иштеген жумушчулар эмгек акыларын ала албай жатканын айтып чыгышты. Алардын билдирүүлөрү социалдык тармактарга 15-августта жарыяланды. Айрымдары 300 миң сомдон ашык эмгек акысын ала албай жатканын айткан.

“Бул жерде сатуучулар, алуучулардан акча түшүп жатат. Нариман байке убадаларынын баарын унутту. Биз андан суранып жаткан жокпуз. Биз өзүбүздүн кылган жумушубуздун, мээнетибиздин акчасын сурап жатабыз", - деди кайрылгандардын бири.

Бул маселе боюнча социалдык тармактарга видео жарыялангандан кийин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул маселени териштире турганын жазды. Бул кайрылуу боюнча “Олд Бишкектин” жетекчилиги түшүндүрмө бере элек.

Бишкек мэриясы 2025-жылдын март айында Чүй проспектиси менен Дүйшөнкул Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалатор, заманбап лифт, жер астындагы өтмөк жана 220дан ашуун автоунаа токтотуучу жайды камтыган долбоордун курулушу башталганын маалымдаган. Долбоорго “Ташболот Холдинг” жана “Олд Бишкек” компаниялары акча саларын, курулуш эки жылга созулуп, жалпы бюджети 2 млрд сомду түзөрүн билдирген.

“Ташболот Холдинг” ишканасы Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарына тиешелүү. Мэрия жерди бул компанияга 49 жылга ижарага бергени белгилүү болгон.

Курулуш жүрүп жаткан маалда Чүй көчөсүнүн боюнда чоң имарат курулганы, курулуш аталган көчөгө чыгып кеткени, “Айчүрөк” соода борборунун жанындагы оргуманын бузулганы жана башкалар сынга алынган.

Өткөн жылдын аягында, ошол кезде атайын кызматты жетектеген Камчыбек Ташиев курулушту жүргүзүп жаткан ишкер Нариман Түлеевге жолго чыгып кеткен курулуштарды алып, үч кабат имаратты долбоордогудай эки кабатка түшүрүүнү тапшырган. Ташиев февралда иштен кеткен соң, мэр Айбек Жунушалиев март айында курулушка барып, кошумча курулушту толук бузуп, оргуманы ордуна келтирүү тапшырмасын койгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG