Ирандын парламенти бийлик өлкөгө "душман" деп эсептеген маалымат каражаттары менен баарлашкандарды кылмыш жообуна тартуу тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.
Кеп АКШ менен Израилде катталган же бул өлкөлөрдөн каржылоо алган маалымат каражаттары тууралуу жүрүп жатканын Reuters агенттиги ирандык "Шарг"басылмасына шилтеме берип жазды.
Мыйзам долбоору эми Сакчылар кеңешинин формалдуу жактыруусун алышы керек.
Документте "кас басылмаларга маек бергендер эки жылга чейин абакка кесилери" да жазылган.
Мыйзам долбоору Ирандын жарандарынын башка чет элдик маалымат каражаттары менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн да чектейт. Маек берүү тууралуу өтүнүч болгон учурда жарандар ал тууралуу коопсуздук министрлигине кабарлоого милдеттүү болот. Чет элдик элчиликтер, чет өлкөлүк уюмдардын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн Ирандын Тышкы иштер министрлигинин уруксатын суроо керек. Мындай эрежени бузгандар айыпка жыгылат же башка жазаларга тартылат. Чет мамлекеттер же институттар менен ишкердик же илимий багытта кызматташуунун эрежеси да катаалдашты.
Долбоор "кас мамлекеттер" менен кызматташтыкка тыюу салуу тууралуу буга чейинки жоболорду иш жүзүндө дагы катаалдаштырып бермекчи.
Ирандык фотожурналист Ялда Моайери "сионисттик режим жана АКШнын кызыкчылыгына иштеген" деген айып менен жакында 15 жылга кесилген.
Ал чет элдик маалымат каражаттарына маек куруп, АКШ менен Израилдин Иранга соккуларынын кесепеттери тууралуу сүрөттөрдү бергени үчүн күнөөлөнгөн.
Шерине