Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:22

Ысык-Көлдө 1 млн сомдон ашык айып пулун төлөбөй жүргөн айдоочу аныкталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тараткан сүрөт.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тараткан сүрөт.

Ысык-Көл облусунда 1 млн 91 миң 700 сом айып пулун төлөбөй жүргөн айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККБ) кабарлады.

Маалыматка ылайык, автоматташтырылган комплекс аркылуу айдоочу жасалма мамлекеттик каттоо номуру менен жүргөнү жана буга чейин 1 млн 91 миң 700 сом айып пулу бар экени такталган.

Текшерүүдө “ВАЗ-2107” үлгүсүндөгү машинеге жасалма мамлекеттик каттоо номуру тагылганы белгилүү болуп, автоунаа айып короого киргизилди.

Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштап, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек - Торугарт, Бишкек - Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Алар жол эрежелерин бузган айдоочуларды аныктайт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG