Польшанын Скаржиско-Каменна шаарындагы WB Electronics коргонуу компаниясына таандык объекттеги өрт коомдук коопсуздукка коркунуч келтирүү жана диверсия, саботаж же терроризм аракеттери менен байланышкан чет өлкөлүк чалгындоо ишмердүүлүгүнө катышуу беренелер боюнча тергелип жатат. Бул тууралуу Польшанын Улуттук прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул берене боюнча айыпталгандар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Азырынча эч кимге айып коюла элек. Өрттүн ишканага келтирген зыяны 4 млн доллардан ашуун деп бааланууда.
WB Electronics заводундагы өрт 31-августка караган түнү, имарат жабык, эл жок учурда болгон. Польшанын медиасы беткап кийген адамдын тосмодон ашып өтүп жаткан учуру көзөмөл камераларына түшүп калганын кабарлашты. Полиция мекеменин жанынан шектүүгө таандык деп болжолдонгон кийим менен рюкзак тапкан.
WB Electronics компаниясы Польша менен Украинанын армиялары колдонгон дрондор үчүн тетиктерди жана системаларды өндүрөт.
Август айында Украинага аскердик продукция жеткирүүгө байланышкан Евробиримдиктин бир катар ишканаларына чабуул коюлган. Словакияда дрон чыгаруучу заводго өрт коюу аракети алдын алынып, үч чет өлкөлүк жаран кармалган. Эстонияда Milrem Robotics компаниясынын имаратына өрт коюлган. Эстониянын премьер-министри Кристен Михал бул окуяга Орусиянын тиешеси болушу мүмкүн экенин жокко чыгарган жок.
Шерине