Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Максат Асаналиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалды

Максат Асаналиев.
Максат Асаналиев.

Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ал буга чейин УКМКнын төрагасынын милдетин убактылуу аткарып келаткан жана Жогорку Кеңеш 2-сентябрда аны атайын кызматтын жетекчилигине дайындоого макулдук берген.

Камчыбек Ташиев февраль айында УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулгандан кийин, анын ордуна Жумгалбек Шабданбеков келген. Садыр Жапаров аны 30-июнда кызматтан алып, “Ынтымак ордо” мунун себебин Жумгалбек Шабданбеков башка кызматка өткөнү менен түшүндүрүп, кайсы ишке барганын тактаган эмес.

48 жаштагы Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. 2000-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 2001-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде (УКМК) тергөөчү болуудан баштаган жана 2010-жылга чейин улук тергөөчү, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп иштеген. 2010-жылы Башкы прокуратурага өтүп, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп 2018-жылга чейин иштеген.

Максат Асаналиев 2018-2019-жылдары Бишкектеги Биринчи май районунун прокурору, кийин Ош облусунун прокурору болуп кызмат кылган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG