Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:31

Ozon сатуучуларга товарды Казакстанга жайгаштырууну сунуштады

Казакстан, Астана. Ozon маркетплейсинин пункту. 12-август, 2026-жыл
Казакстан, Астана. Ozon маркетплейсинин пункту. 12-август, 2026-жыл

Орусиялык Ozon маркетплейси сатуучуларга товарларын Алматы жана Астанадагы кампаларга жайгаштырууну сунуштады. Компания бул аркылуу товарларды Казакстандагы жана Кыргызстандагы кардарларга тезирээк жеткирүүнү, ошондой эле ошол кампалардагы товарларды Орусиядагы сатып алуучуларга жөнөтүүнү көздөп жатат.

30-сентябрга чейин Ozon Алматы жана Астанадагы логистикалык борборлорго товар ташуу үчүн акы албайт. Компания жеткирүүлөрдүн көлөмүнө чектөө киргизбейт, кампаларга ири көлөмдөгү товарларды да жайгаштырууга болот. Ozon билдиргендей, Казакстанга товар жөнөтүү үчүн сатуучулардан кошумча документтер талап кылынбайт.

2026-жылдын 22-августуна караган түнү украин аскерлери Ozon компаниясынын кампасына дрондор менен биринчи жолу сокку урган. Бутага Самара облусундагы маркетплейстин эң ири логистикалык борбору алынган.

Кийинчерээк компаниянын Оренбург жана Белгород облустарындагы, Адыгеядагы, Дагестандагы, Татарстандагы жана Ставрополь крайындагы кампалары да чабуулдарга кабылган.

Коррупцияга каршы күрөш фондунун маалыматына ылайык, Ozon'дун акцияларынын дээрлик 35 пайызы ишкер Александр Чачавага таандык "О23" компаниясына тиешелүү. Иликтөөчүлөр бул компания миллиардер Геннадий Тимченко менен байланыштуу экенин белгилешет. Тимченко Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын адамдардын бири катары аталып келет.

Болжол менен акциялардын үчтөн бири миллиардер Владимир Евтушенковго таандык "Система"корпорациясына таандык. Калган акциялар майда акционерлерге тиешелүү.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG