Германиянын тергөөчүлөрү Лейпциг аэропортуна дрон менен кол салууну даярдоого шектелген эки адамдын аты-жөнүн аныкташты. Алардын бири Орусияда туулган, бирок Латвиянын паспорту бар адам болсо, экинчиси Беларус жараны, Орусиянын паспортуна ээ. Бул тууралуу Süddeutsche Zeitung, NDR жана WDR жазды.
Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, орусиялык шектүүнүн Орусиянын чалгын кызматы менен байланышы болгон. Ал июлдун аягында Берлин аэропорту аркылуу Германияга барып, андан кийин ижарага алынган автоунаа менен Лейпцигге барган. Ийгиликсиз аяктаган чабуул аракетинен эки күн мурда Германиядан чыгып кеткен.
Экинчи шектүүнү тергөөчүлөр окуя болгон жерден табылган ДНК издеринин негизинде аныкташкан. Маалыматтарга караганда, беларус жараны буга чейин да ар кандай мыйзам бузуу фактылары боюнча укук коргоо органдарынын көңүл борборунда турган. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал Германияга Италиянын Минскидеги элчилиги берген туристтик виза менен кирген.
Буга чейин Германиянын Ички иштер министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги Лейпциг аэропортунда дрон колдонулган диверсия аракетине Орусия жооптуу деп билдиришкен. Орусияны расмий түрдө айыпташкан.
Бул чабуулга жооп катары Германиянын бийлиги Бонндогу Орусиянын консулдугун жана Берлиндеги "Орус үйүн" жабуу чечимин кабыл алды. Натыйжада Орусиянын Берлиндеги консулдугу гана калды.
Ушул окуяга байланыштуу Германия өлкөгө кирген орус жарандарына карата чек ара көзөмөлүн да күчөтөрүн жар салган.
4-августта аба майданда жардыруучу зат орнотулган учкучсуз учуучу аппараттар табылган. Дрон Украина үчүн курал-жарак ташып баратканы айтылган украиналык An-124 жүк ташуучу учагына чабуул коюуга аракет кылганы кабарланган. Бирок Украина менен Германиянын бийликтери учакта курал-жарак болгонун расмий ырасташкан эмес. Кийинчерээк аэропорттун жанынан дагы бир учкучсуз учуучу аппарат табылган. Politico жана Welt am Sonntag басылмалары буга чейин өз булактарына таянып жазгандай, Германия Москвага каршы "кеңири масштабдагы санкция даярдоодо".
НАТОнун Башкы катчысы Марк Рютте альянс Лейпцигдеги окуяга байланыштуу Германия менен толук тилектеш экенин билдирди. Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да ушундай эле пикирде экенин айтты. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кая Каллас Орусиянын гибриддик аракеттери Евробиримдикти Украинаны колдоону токтото албасын белгиледи.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Москва Германиядагы консулдуктун жана "Орус үйүнүн" жабылышына жооп кайтарарын айтты.
Шерине