Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Украина: Одессага сокку көп кабаттуу үйгө тийди, жараат алгандар бар

Орусиянын чабуулунан Одессада 21 кабаттуу турак жайдагы 20 батир талкаланды. 3-сентябрь, 2026-жыл
Орусиянын чабуулунан Одессада 21 кабаттуу турак жайдагы 20 батир талкаланды. 3-сентябрь, 2026-жыл

Орусиянын армиясы 3-сентябрга оогон түнү Украинанын Одесса шаарын кайра аткылап, 17 киши жабыркады, анын үчөө балдар.

Бул тууралуу Одесса шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдирди.

Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипердин маалыматына караганда, сокку 21 кабаттуу турак жайга тийип, анын 10-кабатынан 17-кабатына чейин 20 батирге, жакын токтотулган ондон ашык машинеге зыян келтирилди.

Чабуулдун кесепеттерин жоюу иши уланууда. Жеринде коммуналдык жана башка тиешелүү кызматтар иштеп жатат.

Мындан тышкары Черкассы облусунун Золотоношск районунда Орусиянын соккусунан электр линиялары, күн панелдери зыян тартканын облустун жетекчиси Игорь Табурец маалымдады.

Бориспол районунда осколкадан бир киши жараат алды. Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченконун билдирүүсүндө, кампага, административдик имарат жана дүкөнгө зыян келтирилди. Чабуулдун кесепети такталууда.

Запорожье облусунда бейшемби эртең менен орус армиясынын дрону Биленьке кыштагында жарандык автоунаага тийип, анын ичиндеги киши каза тапты, экинчиси жараат алганын облустук аскердик администрациясынын жетекчиси Иван Федоров кабарлады.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG