Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Түркмөнстандын экс-президенти Нидерландда ахалтеке жылкыларынын сулуулук сынагына катышты

Түркмөнстандын Халк Маслахатынын (Элдик кеңешинин) төрагасы жана өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов.
Түркмөнстандын Халк Маслахатынын (Элдик кеңешинин) төрагасы жана өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов.

Түркмөнстандын Халк Маслахатынын (Элдик кеңешинин) төрагасы жана өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов ахалтеке жылкыларынын сулуулук сынагына катышуу үчүн Нидерландга барып келди. Бул тууралуу «Түркмөнстан бүгүн» мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Мамлекеттик агенттиктин макаласында сапарга канча каражат сарпталганы көрсөтүлгөн эмес. Бирок Бердымухамедов Нидерландга атайын учак менен барып келгени белгиленген. Ашхабаддын аэропортунан аны «расмий адамдар» узатып, кайра тосуп алышкан.

Маалыматка караганда, Бердымухамедов Кроненберг шаарында Ахалтеке жылкыларын өстүрүү боюнча эл аралык ассоциациянын жыйынына катышкан.

Иш-чарада Бердымухамедовго фриз тукумундагы жылкы белекке берилди. Мамлекеттик агенттик муну Түркмөнстан менен Нидерланд Королдугунун ортосундагы достуктун жана өз ара урмат-сыйдын белгиси катары мүнөздөдү.

Ахалтеке жылкыларын өстүрүү боюнча Европа ассоциациясынын жетекчиси Мариан Велтевреден Бердымухамедовду «Жылкы чарбасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн» ардактуу сыйлыгы жана тиешелүү кубок менен сыйлады.

Түркмөнстандын мамлекеттик агенттиги макаласында Халк Маслахатынын төрагасы «түркмөн элинин Улуттук лидери» жана «Баатыр Аркадаг» деп жүзгө жакын жолу аталган.

Гурбангулы Бердымухамедов 2022-жылы президенттик кызматтан кетип, бийликти иш жүзүндө уулу Сердар Бердымухамедовго өткөрүп берген. Ал Түркмөнстанды дээрлик 16 жыл башкарды. Президенттиктен кеткенине карабастан, ал өлкөнүн саясатына таасирин тийгизүүнү улантууда.

69 жаштагы Бердымухамедов элдик бийликтин жогорку органы саналган Халк Маслахатынын төрагасы кызматын сактап калган.

Түркмөнстандын Конституциясына ылайык, президент тигил же бул себептерден улам милдетин аткара албай калса, жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктары Халк Маслахатынын төрагасына өтөт. Бердымухамедов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү кол тийбестик укугуна ээ. Бул укук алардын мүлкүнө жана жеке менчигине да тиешелүү.

Мурдагы президент башка мамлекеттердин лидерлери менен жолугушуп, Түркмөнстандын аймактарына сапарларын улантып келет. Мамлекеттик маалымат каражаттары аны «биздин Баатыр Аркадагыбыз» деп атап, анын сапарлары менен жолугушууларын кеңири чагылдырышат.

Шерине

XS
SM
MD
LG