Босниялык сербдердин армиясынын мурдагы кол башчысы Ратко Младичтин сөөгү 7-сентябрда Белградда мамлекеттик жана аскердик сый-урмат менен жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатууга Сербиянын бийлик өкүлдөрү, аскер кызматкерлери жана Босниядагы Серб Республикасынын жетекчилери катышты.
Младич 27-августта Гаагада 84 жашында каза болгон. Ал Босниядагы согуш маалында геноцид жана адамзатка каршы кылмыштарды жасаганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылып, жазасын өтөп жаткан.
Младичтин сөөгү Белграддагы Ыйык Лука чиркөөсүнө коюлду. Аны менен коштошууга миңдеген адам келди. Айрымдары Младичтин сүрөтү түшүрүлгөн кийимдерди кийип, ыйлап, кээ бирөөлөрү кол чаап турду.
Младич 1992-жылы босниялык сербдердин армиясын жетектеп, Сараевону курчоого жана 1995-жылдагы Сребреница кыргынына катышкан.
Анда сегиз миңден ашуун босниялык мусулман эркек жана өспүрүм бала өлтүрүлгөн. Эл аралык трибунал аны 2017-жылы геноцид, адамзатка каршы кылмыштар жана согуш мыйзамдарын бузуу боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Младичке мамлекеттик сый-урмат көрсөтүлүшүн АКШ, Евробиримдик жана Босниянын жетекчилиги айыптады. Евробиримдик согуш кылмышкерлерин даңазалоо, геноцидди четке кагуу жана тарыхты бурмалоо европалык баалуулуктарга каршы келерин билдирди.
Сербия Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер өлкө. Еврокомиссар Марта Кос Младичтин сөөгү мамлекеттик учак менен Белградга жеткирилгенден кийин Сербияга пландалган сапарын токтотту.
Шерине