Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:41

Бишкек шаарында үч эм төрөлдү

Сүрөт Саламаттык сактоо министрлигинен алынды. 8-сентябрь, 2026-жыл
Сүрөт Саламаттык сактоо министрлигинен алынды. 8-сентябрь, 2026-жыл

Бүгүн, 8-сентябрда, Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда үч эм жарык дүйнөгө келди. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аялга "кесарево" жолу менен операция жасалды.

Маалыматка караганда, түйүлдүктөр жалпы төртөө болчу, биринин өсүүсү 19-жума болгондо токтоп калган.

"Аял адистердин тыкыр жана үзгүлтүксүз көзөмөлүндө болду. Кош бойлуулукту сактап калуу максатында акушердик пессарий коюлуп, жатын моюнчасына тигиш салынган жана прогестерон терапиясы жүргүзүлгөн. Натыйжада кош бойлуулукту 35 жумага чейин сактап калууга мүмкүн болду. Үч наристе, эки уул жана бир кыз жарык дүйнөгө келди", - деп айтылды министрликтин маалыматында.

Ымыркайлар 2350, 2600 жана 2340 грамм салмак менен төрөлдү.

Учурда эне жана балдар дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы туруктуу экени айтылды.

Көз жарган келин жана анын үй-бүлөсү тууралуу маалымат берилген жок.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, үй-бүлөдө үч же андан ашык эм төрөлсө жарык дүйнөгө келген ар бир бала үчүн 50 миң сомдон берилет.

2018-жылдын башынан тартып ымыркай төрөлгөндө "Балага сүйүнчү" деп аталган жөлөкпул – 4000 сом берилет.

Президент Садыр Жапаров кол койгон "Бала ырыскы" деп аталган жаңы мамлекеттик жөлөк пул быйыл 1-июлдан тартып бериле баштады. Ага ылайык, 1200 сом өлчөмүндөгү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, үч жашка чейинки ар бир балага берилет.(КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG