11-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн 15…20°, күндүз 31…36°.
Талас өрөөнүндө: түнкүсүн 11…16°, күндүз 30…35°.
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 16…21°, күндүз 31…36°.
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 8…13°, күндүз 22…27°.
Нарын облусунда: түнкүсүн 5…10°, күндүз 25…30°.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 33…35° жылуу болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 22…24° жылуу болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 9-сентябрда күндүз 21,4°, ал эми 10-сентябрда эртең менен 20,3° болду.
Шерине