Кыргызстан былтыр мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 77,1 млрд сом жумшады. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев бүгүн, 14-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Мунун ичинен 45,9 млрд сом тышкы карызга, 31,2 млрд сом ички карызга кеткен.
"Жалпы карызды тейлөөгө багытталган каражаттар республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 30% ашпашы керек. Былтыр бул 12,6% түздү. Бул мамлекеттин төлөө жөндөмдүүгү жогору экенин жана карызды төлөөгө эч кандай тобокелдиктер жок экенин көрсөтөт", - деди Аманабев.
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитети 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча Каржы министрлигинин маалыматын угуп жатат.
2026-жылдын май айынын жыйынтыгына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 9 млрд 951,88 млн долларга жетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1 млрд долларга көп.
Анын ичинен 4 млрд 739,63 млн доллар ички, 5 млрд 212,25 млн доллар тышкы карыз. Тышкы карыздын көп бөлүгү - 1 млрд 414,54 млн доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет. Мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 42,10% түздү.
Президент Садыр Жапаров 21-июлда Фейсбукта жазган постунда Кыргызстандын мамлекеттик карызы жөнүндө талкууларга жооп берип, коомчулукту анын көбөйүп кетишине кыжалат болбоого чакырган. Мамлекет башчы мурда сырттан алынган насыя маанисиз багыттарга жумшалып келгенин, жаңы алынган карыз өзүн-өзү актаган долбоорлорго жумшалып жатканын жазган.
Айрым экономисттер соңку жылдары өлкөнүн ички карызы кескин көбөйгөнүн, кыска мөөнөткө жана жогорку пайыз менен алынып жаткан мындай карыз экономика, мамлекеттик бюджет үчүн кооптуу экенин эскертип келишет. (КЕ)
Шерине