Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:20

Кыргызстандын Кытайга карызы бюджеттин киреше бөлүгүнүн 16% түздү

Кыргызстан менен Кытайдын желектери. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт
Кыргызстан менен Кытайдын желектери. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт

Кыргызстандын Кытайдан алган карызы 1,4 млрд долларды түзөт. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев бүгүн, 14-сентябрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында билдирди. ЖК депутаты Исманали Жороев мамлекеттин карызы 2017-жылдан тартып өсүп жатышынын себебин сурады.

Министрдин орун басары карыз алуу "жакшы курал" экенин жана учурда ал экономикалык өнүктүрүүчү багыттарга алынып жатканын билдирди.

"Кыргызстандын Кытайга карызы азыр 1,4 млрд доллар. 2020-жылдарга чейин Кытайдын жалпы карызы биздин республикалык бюжеттин киреше бөлүгүнүн 80-90% түзүп калган экен. Жети айдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 16% түштү. Карызды азыр төлөп кое алабыз, бирок аны төлөөнүн өзүнүн механизми бар. Акча канчалык узак болсо, ошончо арзан болот", - деди Аманбаев.

Министрдин орун басары мунун алдында Кыргызстан карызды төлөөгө былтыр 77,1 млрд. сом жумшаганын билдирген.

2026-жылдын май айынын жыйынтыгына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 9 млрд 951,88 млн долларга жетти.

Анын ичинен 4 млрд 739,63 млн доллар ички, 5 млрд 212,25 млн доллар тышкы карыз. Тышкы карыздын көп бөлүгү - 1 млрд 414,54 млн доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет. Мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 42,10% түзгөн.

25-июлда ошол кездеги юстиция министри Аяз Баетов коомчулукта талкуу жараткан жерди ижарага берүү, миграция жана тышкы карыз маселесине байланыштуу пикирин билдирип, Кыргызстан 2020-жылдан бери Кытайдан бир да доллар карыз албаганын Фейсбук баракчасына жарыялаган.

Айрым экономисттер соңку жылдары өлкөнүн ички карызы кескин көбөйгөнүн, кыска мөөнөткө жана жогорку пайыз менен алынып жаткан мындай карыз экономика, мамлекеттик бюджет үчүн кооптуу экенин эскертип келишет.

Кыргызстандын тышкы карызы 2035-жылга чейин толук жабыларын президент Садыр Жапаров былтыр 26-декабрда Бишкекте IV Элдик курултайда делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирген. (КЕ)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG