Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Ташиевдин адвокаты "75чилер иши" боюнча өкүм чыгарган судьяларга каршы прокуратурага кайрылды

Камчыбек Ташиев баш болгон айыпталуучулар сотто
Камчыбек Ташиев баш болгон айыпталуучулар сотто

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов “75чилер каты” деп аталган иш боюнча өкүм чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьяларына каршы Башкы прокуратурага кайрылды. Анда адвокат Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз адам буга чейин айып тагылбаган иштин негизинде күнөөлүү деп табылып, ал беренелер боюнча укуктук негизде коргонууга таптакыр мүмкүнчүлүк берилбегенине көңүл бурган.

Айткулов биринчи инстанциядагы сот Камчыбек Ташиев баш болгон айыпталуучуларды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу айыбы боюнча актап, “бийликти күч менен басып алууга даярдык” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапканын, мындай берене менен сотко чейинки териштирүүдө жана сотто кылмыш ишин кароо учурунда айыптоонун предмети аныкталганын белгилеген.

Бирок шаардык сотто Адис Момуналиев баштаган коллегиянын Ташиев баш болгон айыпталуучулардын беренесин Кылмыш кодексинин "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине (195-берене) алмаштырганы түшүнүксүз болгонун адвокат билдирүүдө. Мындан улам айыпталуучулар бул берене боюнча сотто коргонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганын жүйө келтирген.

Мындан улам Икрамидин Айткулов баш прокурор Малик Бектургановго кайрылып, буш ишти караган Бишкек шаардык сотунун судьяларынын үстүнөн тергөөгө чейин териштирүү жүргүзүп, тиешелүү укуктук баа берүүнү суранган.

10-сентябрда Бишкек шаардык соту “75чилер каты” деп таанылган, атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган саясатчы, коомдук ишмерлер айыпталган чуулгандуу иш боюнча өкүм чыгарган. Ага ылайык, айыпталуучуларга карата “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси жокко чыгарылып, ал "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине (195-берене) алмашкан. Сот сегиз адамды төрт жылдан эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык жазасын эки жылга кыскарткан.

Бул иштин алкагында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев, Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов айыпталган.

Соттун өкүмүнөн соң айыпталуучулар мындай чечимге макул эместигин билдиришкен.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG