Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийди Орусиянын дизел чыгарган мунайды кайра иштетүүчү заводдорун аткылоону токтотууга чакырды.
Анын пикиринде, бул дүйнө жүзүндө дизел таңсыктыгын жаратып, баанын өсүшүн шарттап жатат.
"Зеленский мырза бир нерсеге барышы керек: Орусиядагы дизел өндүрүүгө байланыштуу объектилерге сокку урууну токтотушу зарыл. Башка бутага сокку урса болот, бирок дизел өндүрүшүнө байланышкан объектилерге тийбеши керек. Анткени ушундан улам тартыштык жаралууда. Бул Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан эмес, Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштан улам болуп жатат", - деди Трамп Irish Open гольф турниринин алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Турнир Ирландиянын Дунбег кыштагындагы Трамптын үй-бүлөсүнө таандык Trump International Golf Links & Hotel гольф клубунда уюштурулган.
Акыркы убакта бензин менен дизелдин баасы дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө кымбаттап турат. GasBuddy кызматынын 10-сентябрдагы маалыматына ылайык, АКШда бир галлон дизелдин орточо чекене баасы биринчи жолу алты доллардан ашты. Бул жыл башындагы көрсөткүчтөн 68 пайызга жогору.
Баанын кескин көтөрүлүшү быйыл февралда, АКШ менен Израилдин Ирандагы аскердик операциясы башталгандан кийин күчөгөн. Талдоочулар жана көптөгөн керектөөчүлөр муну АКШнын соккуларына жооп катары Иран Ормуз кысыгын жапканы, анын натыйжасында Перс булуңундагы өлкөлөрдөн мунай ташуу кыйындаганы менен байланыштырышат. Мындан тышкары, Иран менен Орусиянын мунайына каршы санкциялар да таасир эткен.
Күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу америкалыктардын нааразылыгы, Трамптын Иранга карата саясатына карата сын-пикирлерге байланышкан жагдай, ноябрда Конгресске өтө турган шайлоодо Республикалык партиянын мүмкүнчүлүктөрүнө таасир этиши мүмкүн.
Дональд Трамп дизел өндүрүүчү орусиялык ишканаларга соккулар тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский менен да сүйлөшкөнүн айтты. Бирок Зеленский кандай жооп бергенин тактаган жок.
Украина 2022-жылы 22-февралда Орусия негизсиз бастырып киргенден бери күн сайын чабуулга кабылып келатат. Орусиянын агрессиясына жооп иретинде Киев орусиялык мунайды кайра иштетүүчү ишкана-заводдоруна, армиянын каржы булагы деп эсептелген логистикалык борборлорго дрондор менен сокку уруп жатат.
Шерине