Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:54

Өспүрүмдөрдү антикафе жана антикинотеатрларга жалгыз киргизүүгө тыюу салуу сунушталды

Жашы жете элек балдардын түнкүсүн жалгыз-жарымдап антикафе жана антикинотеатрларга барышына тыюу салуу сунушталды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги даярдап, коомдук талкууга чыгарган мыйзам долбоорунда өспүрүмдөр мындай жайларга көп бара турганы айтылган.

Мекеме алардын көбү күндүр-түндүр иштеп, ичинен кулпуланган “купуя бөлмөлөрү” бар экенин белгилеген.

"Мындай жагдай балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштарды жасоого жана аларды спирт ичимдиктерин ичип, тамеки, вейптерди жана баңги каражаттарын колдонууга тартууга өбөлгө түзөт. Өспүрүмдөр антикафе (тайм-кафе) жана антикинотеатрларда саат 22:00-23:00дөн кийин чоңдордун көзөмөлүсүз болуусу түнкү режимди бузууга алып келет. Бул жагдай өспүрүмдөрдүн өздөрү тарабынан укук бузуу, аларга каршы да укук бузуу коркунучун түздөн-түз жогорулатат", - деп жазылган маалыматта.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жаңы нормалар мындай объекттерге көзөмөлдү күчөтүүгө жана балдарга карата жасалган укук бузуулардын тобокелдигин азайтууга мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Мындан тышкары, долбоордо мыйзамдарга редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Кыргызстанда жашы жете электерге жалгыз-жарымдап коомдук жайларда болууга буга чейин эле тыюу салынган. Сунушталып жаткан түзөтүүлөр бул талаптарды түздөн-түз антикафе жана антикинотеатрларга дагы жайылтууга тийиш.

Ички иштер министрлигинин март айында берген маалыматында, Кыргызстанда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук өткөн жылдарга салыштырмалуу 11% көп катталган.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG