Бүгүн, 23-сентябрда, Бишкекте “Жылдын мыкты мугалими – 2026”, “Жылдын мыкты тарбиячысы – 2026” жана “Балдарга кошумча билим берүү уюмунун мыкты педагогу – 2026” сынактарынын финалдык этабы башталды.
Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, ага өлкөнүн аймактарынан тандалып келген 133 мугалим, 27 тарбиячы жана кошумча билим берүү тармагындагы 8 педагог катышууда.
Финалдык баскыч Бишкектеги №67 орто мектепте өтүп жатат жана 25-сентябрга чейин уланат.
Сынактын шартына ылайык, “Башталгыч класстардын мыкты мугалими” жана ар бир предмет боюнча жылдын мыкты мугалимдери аныкталат.
Жыйынтыгында эң көп упай топтогон катышуучулар жеңүүчү деп табылып, Агартуу министрлигинин I, II жана III даражадагы дипломдору жана ноутбук менен сыйланышат.
Үч сынактын жеңүүчүлөрү 5-октябрда, Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада сыйланат.
Кыргызстанда 2374 мектепте 97 миңге жакын мугалим эмгектенет.(ZKo)
Шерине