Украинанын президенти Владимир Зеленский 27-сентябрда Киевде Орусиянын дрон соккусунан эки бала бакча, эки мектеп, турак үй, унаа оңдоочу жай, бир нече кампа жана байланыш объектилери жабыркаганын билдирди.
Анын маалыматына караганда, Сауд Арабиясынын элчиси резиденция катары пайдаланган үйгө да сокку урулган.
Зеленскийдин айтымында, Орусиянын соккуларынан каза болгондор бар, ондогон киши жараат алды.
Президент Орусия сүйлөшүүлөргө даярданбай жатканын "Шахеддердин" чабуулдары айгинелеп жатканын айтты. АКШда "тозоктой санкциялар" жөнүндөгү мыйзам кабыл алынганын белгилеп, жаңы чектөөлөр даярдалып жатканын кошумчалады.
"Жаңы санкциялык пакеттер даярдалууда. Анын ичинде каржы булактарына, Орусиянын курал-жарагын өндүрүү үчүн керектелген компоненттерди жана жабдууларды жеткирүү схемаларына, ошондой эле айрым ишканаларга жана адамдарга, биринчи кезекте Орусиянын баллистикалык куралдарын өндүрүүгө тартылгандарга каршы чаралар болот", - деп жазды Зеленский.
27-сентябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Украинага 170 дрон менен чабуул койгон.
Шерине