Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:28

"Кыргыз почтасынын" 83% акциясы Президенттин иш башкармалыгына өттү

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

"Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун 83% акциясы Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасына таянып бир катар сайттар кабарлады.

Фонддун өзүнүн сайтында "Кыргыз почтасынын" 4 миллион 669 миң 737 баалуу кагазы бары көрсөтүлгөн. Бир акциянын номиналдык наркы 500 сом, толук пакеттин баасы 2,3 млрд сом.

Буга чейин "Кыргыз почтасынын" акцияларына Санарип өнүктүрүү министрлиги ээлик кылган. Министрлер кабинетинин 21-сентябрдагы №633 токтому менен бул ыйгарым укук Президенттин иш башкармалыгына өткөн.

Чечим Кыргызстандын санарип өзгөрүшүн жүзөгө ашыруу боюнча президенттин буйругуна ылайык ишке ашканы айтылган. (ST)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG