Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:11

Физиология, медицина боюнча Нобел сыйлыгы америкалык жана германиялык окумуштууларга ыйгарылды

Физиология жана медицина боюнча Нобел сыйлыгынын быйылкы лауреттары. 5-октябрь 2026-жыл
Физиология жана медицина боюнча Нобел сыйлыгынын быйылкы лауреттары. 5-октябрь 2026-жыл

Физиология жана медицина боюнча Нобел сыйлыгы окумуштуулар Карл Дейссерот, Петер Гегеман жана Георг Нагелге ыйгарылды. Муну менен Нобел комитети алардын оптогенетика жаатындагы ачылыштарын баалады.

Комитеттин билдирүүсүндө германиялык Гегеман менен Нагел уникалдуу касиеттери бар каналродопсин белогун ачканы айтылат. Окумуштуулар каналродопсинди ар кандай клеткаларга киргизгенде, алар жарыкка өзгөчө сезимтал болуп каларын аныкташкан. Ал эми америкалык илимпоз Дейссерот бул белокту нерв клеткаларын жарыктын жардамы менен башкаруучу механизмге айландырган.

«Нерв сигналдарын жарыктын жардамы менен башкаруунун бул ыкмасы азыр оптогенетика деп аталат жана ал кыска убакыттын ичинде дүйнөлүк мааниге ээ болду», – деп айтылат Нобел комитетинин билдирүүсүндө.

Оптогенетика белгилүү бир нерв клеткаларынын активдүүлүгү эс-тутумга, сезимдерге жана адамдын жүрүм-турумуна кандай таасир этерин изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Нобел сыйлыгынын лауреаттарын жарыялоо салт боюнча физиология жана медицина тармагынан башталат.

Андан кийин жума ичинде физика, химия, адабият, Нобел тынчтык сыйлыгынын жеңүүчүлөрү белгилүү болмокчу.

Өткөн жылы физиология жана медицина боюнча Нобел сыйлыгы иммунология жаатындагы изилдөөлөр үчүн берилген.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG