Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Президент Жапаров өлкөдөгү экономикалык өсүштүн Украинадагы согушка тиешеси жоктугун айтты

Садыр Жапаров стадиондун ачылышында.2026-жылдын 5-октябры.
Садыр Жапаров стадиондун ачылышында.2026-жылдын 5-октябры.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасындагы соңку жылдардагы оң көрсөткүчтөр Украинадагы согушка байланыштуу эмес экенин билдирди. Бул тууралуу ал 5-октябрда “Бишкек аренанын” ачылышына арналган иш-чарада айтты.

Жапаров өлкө экономикасындагы өсүш 2021-жылдан бери жогорулап жатканын, буга криминалга жана коррупцияга каршы күрөш түрткү экенин билдирди:

“Кээ бир массалык маалымат каражаттары «2022-жылы Орусия менен Украинанын ортосунда согуш болуп кеткендигине байланыштуу Кыргызстандын экономикасы экспорт кылып өсүп жатат» - деп ой-пикирлерин жазып жатпайбы. Жок, андай эмес. 2021-жылдын аягын карагыла, ошондон бери түшпөй келет”.

Буга чейин америкалык The New York Times басылмасы Кыргызстанда соңку жылдары экономикалык өсүш болуп жатканы жана буга Украинадагы согуштан улам жаралган абал түрткү болгону тууралуу макала жазган. Басылма Кыргызстан бул согушка байланыштуу Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатканы тууралуу иликтөөлөрдү да жарыялаган. Кыргыз бийлиги санкциялык режимди бузганын четке кагып келет.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG