Кыргызстандык спортчулдар бир алтын, үч күмүш, 10 коло медал (жалпы 14) алды. Жеңиштин башында Кытай (жалпы 341 медал), экинчи орунда Жапония, үчүнчүдө Түштүк Корея (150) турат.
Алтын байгени грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) алды. Сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов (200 м, брасс), грек-рим күрөшүнөн Асан Жанышов (87 кг чейин) жана дзюдодон Эрлан Шеров (90 кг чейин) күмүш медал тагынды. Коло байгелерге кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин), Айпери Медет кызы (76 кг чейин), грек-рим күрөшүнөн Раззак Бейшекеев (67 кг чейин), Акжол Махмудов (77 кг чейин), эркин күрөштөн Малик Шаваев (86 кг чейин), кураштан Айбек Кубанычбек уулу (66 кг чейин), жиу-житсудан Абдурахман Муртазалиев (85 кг чейин), ММА боюнча таймаштарда Сыймык Жаныбек уулу (77 кг чейин), Дастан Каныбек уулу (60 кг чейин), Ырыскелди Дүйшеев ( 71 кг чейин) ээ болушкан.
Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги “XX Азия оюндарында жалпы 14 медал жеңип, жалпы командалык эсепте 37 мамлекеттин арасынан 26-орунду ээлегени” тууралуу билдирүү менен чектелип, медалды багындырган спортчулардын тизмесин жарыялады. Агенттиктин Фейсбуктагы баракчасындагы бул кабардын алдына бир топ киши сын-пикирлерди жазганын көрүүгө болот. Айрымдар Кыргызстандын мурдагы XIX Азия оюндарында 4 алтын, 2 күмүш, 9 коло медал утканын эске салышты.
Грек-рим: Кыргызстан Азияда экинчи
Расмийлер Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча жалпысынан Кыргызстандын курама командасы эң ийгиликтүү болгонун билдирди. Улукбек Карачолоковдун жетекчилиги менен команда төрт медал утуп, жалпы командалык эсепте экинчи болду. Биринчи орунду Жапония алды, ал эми Өзбекстан үчүнчү, Иран төртүнчү болду. Грек-рим күрөшүнөн Азия оюндарына 20 өлкөнүн балбандары катышкан эле.
“Тактикалык жактан уттуруп койдук. Балдардын даярдыгы, негизинен ушу төрт салмакта алтын байге алууга жакын балдар болчу. Ар бир өзүнүн циклинде ушундай балдар чыгып турат да. Бүгүнкү күндө ошол 67 кг салмакта өзбекстандык атаандашы Раззактан бир жаш кичүү бала, өзү менен тең чамалаш. Анчалык жаш деген деле болбойт. Ошол эле Жоламандыкы деле ошол жаштагы бала. Биз күткөнбүз, ушундай болорун. Атаандаш бир эле Өзбекстандан эмес, жалпы Азия мамлекетинен бар да. Ошондуктан баарына биз даяр болушубуз керек. Бири утуп, бири утулсун дебейбиз да. Баары ийгиликтүү кайтсын деген планды дайыма коёбуз. Албетте, иш болгон жерде катачылык да болот. Иштебеген адамдарда ката болбойт. Күрөш ар кандай жүрөт. Атаандаштар ар кандай, кээ бири биринчи жолу беттешкен учурлар болуп калат. Кыскасы, буга дагы даярданышыбыз керек. Алдыда кудай буюрса көп ийгиликтер болот”, - деди грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Улукбек Карачолоков.
Кыргызстандын жалгыз алтын байгесин грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) жеңип берди. 27 жаштагы Жоламан Азия оюндарынын эки жолу чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык спортчу болуп калды. Ал буга чейин 2023-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн XIX Азия оюндарында алтын медал тагынган. Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Париж Олимпиадасында коло медал тагынган. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, эки жолку күмүш байгесинин ээси. Азиянын үч жолку чемпиону жана эки жолу күмүш байге алган.
Күмүш медалды грек-рим күрөшүнөн Асан Жанышов (87 кг чейин) алса, коло байгени Акжол Махмудов (77 кг чейин), Раззак Бейшекеев (67 кг чейин) алды.
Акжолдон машыктыруучулар дагы, күйөрмандар дагы алтын күтүшкөн. Алгачкы беттешинде Махмудов учурдагы олимпиада чемпиону, жапониялык Нао Кусакага жеңилип калды. Кусака эки атаандашын утуп, финалга чыккандан кийин, Махмудовго кайра килемге чыгууга мүмкүнчүлүк жаралып, жооткотуучу беттеште казакстандык балбан Демеу Жадраевди 10:1 эсебинде утуп алды. Коло байге үчүн беттеште кытайлык Лю Руини 9:0 эсебинде жеңди.
Акжол ушуну менен Азия оюндарында үчүнчү жолу байге алды. Ал 2018-жылы күмүш, 2023-жылы алтын медал тагынган. Мелдештен кийин Акжол бул жолу күрөштөн бугу чыкпай калганын айтып, алдыда Дүйнө чемпионатына катышарын жар салды.
“Жеңилүү ызасы дагы, жеңишке жеткендерим бир эле айлампада күрөшүп калдым. Кудай буюрса, агайлар туура көрсө дүйнө биринчилигине да барып, күрөшкүм келип жатат. Биз максатты мындай жыйынтыкка койгон эмеспиз. Бирок кандай жыйынтык болбосун кудайга шүгүр. Негизи мындай сетка түшөт деп ойлогон эмесмин. Бирок кандай гана атаандаштар туш келбесин, баарына даяр болуш керек. Мындан жеңилирээк болгондо деле айланып келип, ошол эле жигиттер менен күрөшмөк болсом керек деп ойлойм. Биринчи беттеш деген жоопкерчилиги башкачарак болуп калат экен”, -деди Акжол Махмудов “Sport.kg” порталына курган маегинде.
Кыргызстан башка спорттун түрлөрүнө салыштырмалуу күрөштөн дүйнөгө атаандаштык жарата алган деңгээлге чыккан. Соңку жылдары Дүйнөнүн, Азиянын чемпионаттарында, Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбандар байгесиз кайткан учур боло элек. Айталы, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Олимпиадада жалпы 13 медал утса, анын 11и балбандардын эмгеги. Ошондуктан бул жолу дагы күрөштөн жеңиш күтүлгөн.
Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) менен Айпери Медет кызы (76 кг чейин) коло медалга ээ болушту. Күрөштүн бул түрүнөн жалпы кыргызстандык үч алтет килемге чыккан. 62 кг чейинки салмакта Сезим Жуманазарова чейрек финалда кытайлык Ци Чжанга жеңилип, байгесиз калды. Ушуну менен Мээрим Жуманазарова Азия оюндарында экинчи жолу коло байге алды(2028-ж., 2026-ж.). Ал эми Айпери Медет кызы бул оюндардын үчүнчү жолку байге ээси болду. Ал 2018-жылкы мелдеште коло медал тагынып, 2023-жылкы Азиаданын чемпиону болгон.
Мээрим Азиянын эки жолку чемпиону, Олимпиада оюндарынын күмүш (Париж-2024) жана коло (Токио-2021) байгелеринин ээси болгон. Азия чемпионатынын бир жолку күмүш (2022-жыл), эки жолку коло байгесинин ээси (2018-2019-жылдар). 2021-жылы дүйнө чемпиону болгон.
Ал эми Айпери Медет кызы үч жолу Азия чемпиону. Азия чемпионатынын төрт жолку күмүш байгесинин ээси. Дүйнө чемпионатында эки жолу күмүш (2023-ж., 2025-ж.) жана бир жолку коло байге (2021-ж.) тагынган. Жайкы Олимп оюндарында эки жолу 5-орунду ээлеген. Жаштар, 23 жашка чейинкилер арасында Азия жана Дүйнө чемпиону жана бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон.
“Кыз-келиндер күрөшүнөн биз эки коло медаль жеңип алдык. Азия оюндарына болгону үч салмактан үч кызыбыз катышты. Лос-Анжелестеги 2028-жылдагы Олимпиадага даярдык болуп эсептелет. Казакстан мамлекетинде күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, ошо жерде биз кайта дагы ошо кыздарыбыз кудай буюрса, ошол жерде килем үстүндө ат салышат. Жалпы кыздарыбыз ошо дүйнөлүк чемпионатка дагы өзүбүздүн күч кубатыбызды сактап, ошол жерге дагы жогорку деңгээлде, жогорку даярдык менен барабыз деген үмүтүбүз чоң. Дүйнөлүк чемпионатта төрт салмактан төрт кызыбыз кудай буюрса катышат. Бул Айпери, Мээримден кийинки Мирзат Нуртаева 72 кг салмакка чейин, ал эми жашырак, өсүп келе жаткан күрөшүп келаткан Гүлнур Таштанбекова деген кызыбыз 65 кг салмакка чейин катышат”, -деди кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков.
Эркин күрөш
Эркин күрөштөн Азия оюндарында Кыргызстан беш салмакта балбандарын жөнөткөн. Бирок жалгыз гана коло медалды Малик Шаваев (86 кг) утту.
Бекзат Алмаз уулу (57 кг), Орозобек Токтомамбетов (74 кг) 5-орунду ээледи. Ал эми Эрназар Акматалиев (65 кг) менен Арсланбек Турдубеков (125 кг) 10-орунду ээледи.
Спорт баяндамачылар Париж Олимпиадасынан кийин Кыргызстандын күрөш федерациясынын жетекчилери, машыктыручулары алмашканын дагы жазууда. Бирок мунун көп деле таасири тийбегенин дагы айткандар бар.
Байгелүү орунду багындырган спортчулар
Кыргызстанга экинчи күмүш медалды уткан дзюдочу Эрлан Шеров (90 кг чейин) болду. Ал ушуну менен Азия оюндарында экинчи жолу байгеге ээ болду.
Ал 2023-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн XIX Азия оюндарында алтын байгеге ээ болгон.
Эрлан Шеров - кыргыз дзюдосунун тарыхында дүйнө чемпионатынан коло медалын утуп (2024-ж.), Азия оюндарынын чемпиону болгон алгачкы дзюдочу.
Шеров ошондой эле Улан-Батордогу “Чоң шлем” мелдешинде күмүш (2023), Парижде өткөн “Чоң шлем” мелдешинде коло (2024) медалдарды уткан.
Сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов (200 м, брасс) күмүш утту. Денис спорттун аталган түрүнөн Азия оюндарында байге алган алгачкы кыргызстандык. 26 жаштагы суучул 100 метрге брасс стилинде сүзүүдө Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Брасс стилинде 50, 100 жана 200 метрге сууда сүзүүдө Азиянын төрт жолку чемпиону.
Олимпиада оюндарынын үч жолку катышуучусу. Париждеги Олимп оюндарында 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө 14-орунду ээлеген. Ага чейин 100 метрге брасс стилинде жарышка чыгып, 23-орунду алган. Токиодогу Олимп оюндарында 100 метрге брасс стилинде сүзүүдө 27-орунду, 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө 18-орунду ээлеген. 16 жашында Рио-де-Жанейро Олимпиадасына катышкан.
Бул жолу Азия оюндарына ММА спорту дагы кирип, ага катышкан үч кыргызстандык мушкер коло медал жеңди. Алар Сыймык Жаныбек уулу (77 кг), Дастан Каныбек уулу (60 кг), Ырыскелди Дүйшеев (71 кг).
“Спорттун башка түрлөрүн дагы өнүктүрсөк”
Жапонияга Кыргызстандан спорттун 30 түрү боюнча 168 спортчу барган. Анын ичинде волейбол боюнча эркектер, кыз-келиндер командасы барды. Футбол боюнча дагы олимпиадалык курама команда катышты. Бирок командалык спорттон ийгиликке жетишкен жок.
Спорт баяндамачы Бексултан Усеналиев Кыргызстан күрөш эле эмес, спорттун башка түрлөрүнө дагы маани бериши керек деген пикирде.
"Анткени карасаңыздар, биздин ошол коңшу мамлекеттер Өзбекстан, Тажикстан деле, Казакстан бир гана күрөшкө басым кылбастан, башка спорт түрлөрүн өнүктүрүп аябай жакшы өнүктүрүп алышкан. Бизде болсо жалгыз гана Эрлан Шеров менен Денис Петрашов. Экөө тең өздөрү машыккан спорт түрлөрүндө мындайча айтканда уникумдар да. Ошол экөө болбогондо балким ал спорт түрлөрүндө да мындай болмок эмес. Сууда сүзүүдө Петрашовдон башка ким бар? Эрландан башка дзюдодо ким бар? Ошондой эле системалуу түрдө башка спорт түрлөрүн да өнүктүрсө аябай жакшы болчудай. Биз үчүн жакын болгон спорт түрлөр көп да. Ошол эле жеңил атлетика, оор атлетика, волейбол. Бизде потенциал аябай жогору. Бирок волейболдун жыйынтыгы биз үчүн аябай начар болуп жатат деп айтсак болот. Ошондуктан мен ойлойм, эгерде биз системалуу түрдө башка спорт түрлөрүнө да басым кылсак, биздин жыйынтык мындан да жакшы болот", -дейт ал.
Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген ишмер Шаршен Касенов Азиадада мушкерлердин байгесиз калганын өкүнүп турганын айтты.
“Бокс боюнча адистер дагы ишеним көрсөтүп, бул жолу аябай эле үмүт кылдык эле. Бирок медал албай калышты, ошол жагы өкүнүчтүү болду. Бул жерде кеминде эки медал утканга мүмкүнчүлүк бар эле. Себеби дүйнөнүн, Олимпиаданын байгелүү орундарын жеңгендер бар эле. Кум үстүндөгү волейболдон Огулай Кудайкулова менен Роза Расулбек кызы жакшы ойноду. Тайпалык оюндарда Кореяны утуп, кийинки баскычтарда Кытай, Жапониядан утулуп калды. Алар эми дүйнөдө лидерлердин катарында жүргөн командалар. Эми спорттун бул түрүнө дагы жакшы анализ кылып, даярданса болот экен. Биз бул бул жерде биз башынан эле балбандарыбызга үмүт артып, медалдарды алат деп билебиз. Өлкө жетекчилери менимче жакшы көңүл бурганы үчун 170 тен ашык кишиден турган делегация менен Азия оюндарына бардык. Спортчулар ушунтип тажрыйба алып, акырындап жыйынтыктарды көрсөтүшөт деп ойлойм”, - деди.
Ырасында эле бул жолу Кыргызстандын бокс боюнча командасы дагы ийгиликсиз болду. Зафарбек Камилов менен Бакыт Токтосун уулу 1/8 финалда утулса, Мырзакир Кошалиев чейрек финалда казакстандык атаандашына уттуруп койду. Ихтияр Нишоновдун, Өмүрбек Бекжигит уулунун дагы жолу болбоду. Ал эми Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу дагы ийгиликке жетпей калды.
Бокс боюнча жалпы эсепте Өзбекстан биринчи орунду, Казакстан экинчи орунда алды. Алты салмак бирдиги боюнча өзбек мушкерлери эки алтын, бир күмүш, эки коло уткан. Казакстандык мушкерлер эки алтын, бир коло медал уткан.
Ошентип Азия оюндарында Борбор Азия өлкөлөрү жекелик спорт түрлөрү боюнча чоң атаандаштык жаратууда. Жалпы медалдардын жадыбалында 37 өлкөнүн ичинен Өзбекстан бешинчи (21 алтын, 25 күмүш, 24 коло), Казакстан сегизинчи (12 алтын, 24 күмүш, 48 коло), Тажикстан 22 (2 алтын, 5 күмүш, 9 коло), ал эми Түркмөнстан 31-орунда (эки күмүш) аталды.
Медал алган өлкөлөрдүн сап башында Кытай турат (169 алтын, 89 күмүш, 83 коло). 2-орунда Жапония (83 алтын, 95 күмүш, 91 коло), 3-орунда Түштүк Корея (39 алтын, 43 күмүш, 68 коло) жайгашкан.
Шерине