Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:57

Азия оюндары: Токтомамбетов менен Лазарев коло байге алды


Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Айаал Лазарев. 7-октябрь, 2023-ж.
Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Айаал Лазарев. 7-октябрь, 2023-ж.

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан XIX Азия оюндарында кыргызстандык эркин күрөш балбандары Орозбек Токтомамбетов менен Айаал Лазарев коло байгеге ээ болушту.

7-октябрда 74 килограмм салмакта Орозбек Токтомамбетов 3-орун үчүн таймашта тажикстандык Магомет Евлоевди 4:2 эсебинде жеңди. Токтомамбетов 1/8 финалда дүйнө чемпионатынын эки жолку байге ээси, ирандык Юнес Эмамиге жеңилди. Ирандык балбан финалга чыккандыктан, Токтомамбетов жооткотуучу беттеште кытайлык Фэн Луну 8:5 эсебинде утуп, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык Хасанбой Рахимовду утту (6:6). Лазарев 1/8 финалда индиялык Сумит Сумитти утуп (10:0), чейрек финалда монголиялык Лхагвагэрэл Мунхтурга жеңилди. Монгол балбаны таймаштарын чейрек финалда баштагандыктан, Лазарев жооткотуучу беттешке чыкпай, коло байге үчүн күрөшүүгө түз мүмкүнчүлүк алган.

Токтомамбетов менен Лазаревдин байгесин кошкондо Азия оюндарында Кыргызстан уткан медалдардын саны он бешке жетти. Буга чейин грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), дзюдочу Эрлан Шеров (90 кг) жана кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг) XIX Азия оюндарында алтын медал тагынды. Күмүш медалдарды каратеден (кумите) Адилет Шадыканов (+84 кг) менен кыз-келиндер күрөшүнөн Нурзат Нуртаева (68 кг) алды. Грек-рим күрөшүнөн Раззак Бейшекеев (67 кг), ушу-саньда боюнча Авазбек Аманбеков (56 кг) менен Темирлан Аманкулов (75 кг), жеңил атлетикадан Сардана Трофимова (марафон) жана каратеден (кумите) Назим Нурланов (75 кг) менен Кымбат Тойтунова (61 кг), кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг) коло медал уткан.

Учурда Кыргызстан төрт алтын, эки күмүш жана тогуз коло байге менен командалык эсепте 18-орунда бара жатат. Медалдардын саны боюнча Кытай (200 алтын, 111 күмүш, 71 коло), Жапония (51 алтын, 66 күмүш, 69 коло) жана Түштүк Корея (42 алтын, 59 күмүш, 89 коло) алдыңкы сапта. Быйыл Азия оюндарына 45 өлкөдөн 12 500 спортчу катышып жатат. Алар спорттун 40 түрүнөн мелдешүүдө. Кыргызстандан спорттун 23 түрү боюнча 164 спортчу катышууда. Оюндар 8-октябрда жыйынтыкталат. (ECh)

XS
SM
MD
LG