Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Орусия согушка тарткан Бангладештин 20 жараны Украинада каза тапты

Орус армиясынын катарына кошулган Бангладештин 20 жараны Украинадагы согушта каза болду. Бангладеш бийлиги жарандары ал жакка алданып барып калышы ыктымалдыгын билдирүүдө.

14-октябрда Дакка шаарында өткөн маалымат жыйынында Бангладеш полициясынын Атайын ыкчам батальонунун командири Мохаммад Асадуззаман анын бөлүмү ушул жылдын 7-майында Орусияга кеткен 30 бангладештик жарандын дайынсыз жоголушу боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди. Полициянын маалыматына караганда, алардын жоголушуна үч уюмдун тиешеси бар. Алар жарандарга Орусияда жакшы акы төлөнүүчү курулуш жумуштарын убада кылышкан. Бирок Орусияга баргандан кийин, бангладештик жарандар аскер бөлүктөрүнө туш болушкан.

Асадуззамандын айтымында, согуш талаасына жөнөтүлгөн бангладештиктер мурда армияда кызмат өтөгөн эмес жана саламаттыгы, физикалык жактан ага даярдыгы жок болгон. Алар үч күндүк машыгуудан кийин эле алдыңкы катарга жөнөтүлгөн. Тергөө Бангладештин жарандарын операторлордун жайгашкан жерин аныктоо үчүн дрон соккусуна атайылап салып берген деп божомолдоп жатат.

30 кишиден турган топтун 20сы согуш талаасында украин дронунун соккусунан каза болгон. Согушта жараат алган экөө Бангладешке кайтып барышкан, дагы экөө Орусиядагы госпиталдарда дарыланууда. Калган алты киши фронтто.

Бангладештин полициясы жарандарды бул ишке азгырган эки кишини кармады. Мекеме алар бул ишке аралашкан, адамдарды согушка азгырган топтун бир бөлүгү гана экенин билдирүүдө.

Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (FIDH), украиналык Truth Hounds укук коргоо уюму жана Казакстандын Адам укуктары жана мыйзам үстөмдүгү боюнча эл аралык бюросу (KIBHR) даярдаган 2026-жылдын апрель айындагы баяндамага ылайык, Орусия 2022-жылдын февраль айынан бери Украинага каршы согушка катышуу үчүн 130дан ашык өлкөдөн кеминде 27 000 чет өлкөлүк жаранды тарткан.

Украинанын бийлигинин маалыматы боюнча, Орусиянын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн чет өлкөлүк согушкерлердин кеминде 3388и каза болгон, алардын басымдуу бөлүгү фронтко жөнөтүлгөндөн кийинки алгачкы бир нече айдын ичинде эле курман болушкан.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG