19-20-октябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйындары өтөт.
Иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстанга Түркиянын, Казакстандын жана Азербайжандын парламент жетекчилери баштаган депутаттар, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн делегациялары келишет. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, 19-октябрда ТүркПАнын Аял парламентарийлер жана Жаш парламентарийлер форуму өз ишин баштайт. Ал эми 20-октябрда ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилеринин кеңеши жана XV пленардык отурум өтөт.
ТүркПАнын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
ТүркПА - Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын жана Түркиянын парламенттеринин кызматташтык уюму. (КЕ)
Шерине