Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:16

АКШ жана Борбор Азиянын башкы дипломаттары Самарканд декларациясын кабыл алышты

Тышкы иштер министрлеринин  «С5+1» форматындагы жыйыны. Самарканд, 19-октябрь, 2026-жыл
Тышкы иштер министрлеринин «С5+1» форматындагы жыйыны. Самарканд, 19-октябрь, 2026-жыл

Самаркандда АКШ жана Борбор Азиянын башкы дипломаттары «С5+1» форматындагы жыйын өткөрүштү.

Анын жыйынтыгында Самарканд декларациясы кабыл алынды. Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын тышкы иштер министрлери жана Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы кызматташтыкты улантуу тууралуу макулдашты.

Документтин өзөгүн экономика, транспорт, энергетика, стратегиялык минералдар жана коопсуздук тармактарындагы узак мөөнөттүү кызматташтыкты кеңейтүү пландары түзөт.

АКШ менен Борбор Азиянын туруктуу өнөктөштүгү. Тараптар эгемендикти, аймактык бүтүндүктү жана көз карандысыздыкты урматтоого негизделген кызматташтыкты улантарын белгилешти.

Транспорт жана санариптик байланыштарды чыңдоо. Транскаспий коридорун өнүктүрүү, жаңы логистикалык багыттарды түзүү жана билим берүү, англис тилин окутуу аркылуу элдер ортосундагы байланыштарды кеңейтүнүү макулдашты.

Борбор Азияны дүйнөлүк экономиканын маанилүү бөлүгүнө айлантуу. Тараптар өз ара сооданы жана инвестицияларды көбөйтүүгө, аймактагы сооданы өнүктүрүүгө жана америкалык бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Энергетика жана стратегиялык минералдар. АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрү энергетикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, сейрек кездешүүчү жана стратегиялык кен байлыктарды казуу жана кайра иштетүү боюнча кызматташууну күчөтүүгө даяр экенин жарыялашты.

Коопсуздук жаатындагы кызматташтык. Терроризмге каршы күрөшүү, чек аралардагы коопсуздукту бекемдөө, адам аткезчилигине, баңгизат жана курал-жарак аткезчилигине каршы аракеттерди күчөтүү белгиленди. Ошондой эле киберкоопсуздук өзүнчө багыт катары көрсөтүлдү.

Өзөктүк коопсуздук. Тараптар өзөктүк материалдардын коопсуздугу жана атомдук энергияны тынч максатта пайдалануу боюнча кызматташууну тереңдетүүнү макулдашты.

Маданий жана билим берүү байланыштары. Тарыхый мурастарды коргоо, туризмди өнүктүрүү, маданий жана билим берүү алмашууларын кеңейтүү багытында кызматташтыкты өөрчүтүү тууралуу айтылды.

Саммит алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Эксперттер белгилегендей, Вашингтон аймактагы экономикалык өнөктөштүгүн кеңейтип, стратегиялык позицияларын чыңдоону көздөйт.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG