Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети 19-октябрда Кыргызстандагы суу объектилерин коргоого багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Мыйзам долбоорунда суу объектилерин булгагандыгы жана таштанды таштагандыгы үчүн айып пулду көбөйтүү сунушталган. Мисалы, суу коргоо тилкелерине таштанды таштоо үчүн жеке жактарга 17 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сом айып салуу каралган. Саркынды сууларды белгиленген талаптарды бузуп төккөндөргө 20 миңден 65 миң сомго чейин айып пул сунушталууда.
Чычырканактарды мыйзамсыз кыюу жана суу объектилерин олуттуу булгоо сыяктуу айрым аракеттер үчүн айып пулдан тышкары түзөтүү жумуштары же эркинен ажыратуу жазалары да каралган.
Демилгечилердин бири - Жогорку Кеңештин депутаты Максат Алымбековдун айтымында, климаттын өзгөрүшү, тазаланбаган саркынды суулар, таштандылар жана мыйзамсыз балык уулоо суу объектилерине коркунуч жаратууда.
Мыйзам долбоорунун авторлору суу коргоо тилкелерине таштанды таштоого жана өрттөөгө, балык чарбасы үчүн маанилүү сууларда гидроциклдин айрым түрлөрүн пайдаланууга, ошондой эле чычырканактарды кыюуга тыюу салууну сунушташууда. Ага ылайык, жаңы жана реконструкцияланган эс алуу жайлары, пансионаттар жана ишканалар тиешелүү тазалоочу курулмаларсыз ишке киргизилбеши керек.
Ысык-Көлдүн биосфералык аймагында канализацияга кошулбаган же жергиликтүү тазалоочу курулмалары жок эс алуу жайларын, коомдук тамактануу жайларын жана башка объектилерди иштетүүгө да чектөө киргизүү каралган.
Кыргызстанда 2 миң көл жана ирригациялык, энергетикалык максатта пайдаланылган 34 ири жана орто суу сактагыч бар.(ZKo)
Шерине