АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Самаркандда Борбор Азиянын башкы дипломаттары менен жолугушууларды жүргүзүп жатат.
Андан кийин Вашингтондун жогорку өкүлү министрлер менен "С5+1"форматындагы жыйын өткөрмөкчү. Андан кийин Рубио Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен кездешет.
Сапардын алдында мамлекеттик катчы Самарканддагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Борбор Азия менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтип, коопсуздук жаатындагы өнөктөштүктүн өнүгүшүнө байланыштуу конкреттүү кадамдар кабыл алынышы мүмкүн деп билдирген.
Самаркандга Рубио менен кошо 200дөн ашуун компаниянын өкүлдөрү келди.
Расмий сүйлөшүүлөр башталганга чейин Рубио жубайы менен Самарканддын тарыхый Регистан шаарчасын кыдырып, орто кылымдардагы архитектуралык эстеликтер менен таанышты.
"Америкалык бизнес менен соодага кайсы жерде эшик ачылса, биз ошол жакта активдүү болууга тийишпиз. Бул – биздин максатыбыз. Борбор Азиянын бардык беш өлкөсү, асыресе Өзбекстан канчалык маанилүү экени эбактан бери түшүнүктүү. Өзүнүздөр көрүп тургандай, бул абдан кооз өлкө. Алардын акыркы он жылдагы экономикалык өсүшү жана өнүгүү жолунда жетишкен ийгиликтери чындап эле суктандырат", - деп айтты Рубио кабарчыларга.
Эксперттердин пикиринде, Вашингтон аймактагы экономикалык өнөктөштүгүн кеңейтип, стратегиялык позицияларын чыңдоону көздөйт.
Шерине