Ички иштер министри Улан Ниязбеков 19-октябрда жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы болгон Сыймык Жапыкеевдин милицияга чакырылышы боюнча маалымат берип, бул окуянын "саясий өңүтү" жок экенин билдирди. Министр Жапыкеев тууралуу ага түнкү саат 3тө эле маалымат берилгенин, мыйзам чегинде иш жүргүзүү тапшырмасы берилгенин кошумчалады.
"Мунун эч кандай саясий өңүтү жок, саясий иш-чараларга байланыштуу эмес. Өзү жана жанындагы жоро-жолдоштору мас болгондуктан, ушундай акыбалга туш келди. Эгерде бүгүн "Кыргызтестке" бара турган болсо, анда азыркыдай мас абалында тапшыра алмак эмес. Азыркы айтып жаткан себептеринин бардыгы суу кечпейт. Мен жөнүндө да "уктап жатат" деген сөз айтылган экен. Мага түнкү саат 3:00дө эле маалымат жеткен. Мен ошол убакта эле мыйзам чегинде иш жүргүзүү боюнча тапшырма бергем", - деп кошумчалады Ниязбеков.
Мунун алдында социалдык тармактарга Жапыкеевдин видеосу жарыяланган. Социалдык колдонуучу Кыялбек Матаев жарыялаган тасмада Жапыкеев милиция аны 19-октябрга караган түнү үйүнөн алып кеткенин, арыз түшкөнүн билдиришкенин, ошол бойдон маалымат бербей жатышканын айткан. Ал сегиз сааттан бери милиция бөлүмүндө отурганын кошумчалаган.
"Бүгүн "Кыргызтестке" барышым керек эле. Эмне кылдым силерге, эмне тартип буздум десем, эч ким билбейт. Министр ойгонсун, анан чечет дешти. Бул эмне деген акмакчылык? Мына, мени үйгө кийген бут кийимим менен алып келишти. Ушинтип отурсам, кантип президенттикке талапкерлигимди коём?"- деген Жапыкеев видеодо.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Сыймык Жапыкеев Бишкектеги Жаманбаев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринин жашоочусунун арызы менен милицияга жеткирилгенин маалымдаган. Маалыматка караганда, 19-октябрда түнкү саат 02:11 чамасында тынчтыкты бузуп, кыйкырып, ызы-чуу чыгарып жатканы боюнча милициянын "102" кызматына кайрылуу түшкөн.
Бул фактыны Биринчи май райондук милиция бөлүмү каттоого алып, сотко чейинки териштирүү иштерин баштаган.
Сыймык Жапыкеев коомчулукка 2020-жылдагы октябрдагы элдик толкундоолордо “Чоң Казат” партиясынын лидерлеринин бири катары таанылган. Аны ошол окуялардын модератору же “кыймылдаткычы” катары сыпатташат. Октябрь окуясынан кийин ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы болуп дайындалып, беш ай иштегенден кийин бул мекеме жоюлуп кеткен.
Жапыкеев президенттик шайлоого катышуу нитетин билдирип, 8-октябрда “Кыргызтест” мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырып, өтпөй калган. Ал лексика, грамматика, окуудан жана сүйлөөдөн өтүп, жазуудан жетиштүү балл топтой алган эмес.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.(КЕ)
Министр Ниязбеков Жапыкеевдин кармалышында "саясий өңүт жок экенин" айтты
Дагы караңыз
Шерине