Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Аба ырайы: Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында үшүк жүрөт

23-25-октябрь күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка чейин, Чүй облусунун түндүгүндө, Талас облусунун Кара-Буура районунда, Ысык-Көл облусунун Түп районунда -3…-5°ка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2°ка чейин үшүк жүрөт.

Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылган, жабылбаган картөшкө, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

21-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 11…16.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 15…17° жылуу болот.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG